Informator.kg — Футбол боюнча улуттук курама команданын коргоочусу Азамат Байматов «Дордой» клубунан кетти. Бул тууралуу соцтармакта жарыяланды.

Маалыматка караганда, футболчу менен «Дордой» клубунун ортосундагы келишимдин убактысы бүттү.

Эске салсак, Азамат Байматов аталган клубга үстүбүздөгү жылы кошулуп, жалпы 22 оюн өткөргөн. Анда жалпы 3 гол киргизип, 2 жолу голдук пас жарата алган.