Бишкек. 12.02.20 informator.kg «Менин мугалимдерге болгон сыйым эң жогору, алардын кесибин абдан баалайм. Өзүм да 4 жыл жогорку окуу жайында студенттерге сабак берип, мугалим болуп иштегенмин». Бул сөздү Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын вице-премьерлик кызматына талапкер Акрам Мадумаров айтты.

Анын айтымында, Баткендеги мектептердин бириндеги «галстук окуясы» кесиптик окуу жайдын техникалык-педагогикалык абалын жакшыртуу маселесин карап жаткан учурда орун алган. «Мага албетте сырткы кийимден биринчи билим берүүүнүн сапаты, техникалык-материалдак базанын жетиштүүлүгү маанилүү»,-деди ал.

Эске сала кетсек, КРнын вице-пермьери Жеңиш Раззаков «үй-бүлөөсүнү каралбай кеткендигин» жүйө келтирип, кызматынан баш тарткан болчу.