Бишкек. 12.02.20 informator.kg Өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Бакыт Абдиев бүгүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазаарын ММКларга билдирди. Анын айтымында, Президенттин сынынан кийин ал өзүнө ушундай чечим кабыл алган.

«Мен Президенттин сынынан кийин кызматымдан чегинип арыз жазууну туура деп эсептедим. Бул менин жоопкерчиликтен качуум эмес. Ооба, ишкерлер, куруучулар уруксат кагаздарын ала албай жаткандыктарын айтып арызданышты. Бирок, бул жерде айрым учурларды эске алуу керек. Мисалы, көптөрү жашыл зоналарга же кызыл линиялар өткөн курулуш курууга болбой турган жерлерге уруксат сурашат, мындайда биздин кызматкерлер аларга обьективдүү карап мыйзам чегинде уруксат беришпейт. Албетте, «Бирдиктүү терезе» жана башка долбоорлор иш жүзүнө ашуу алдында турат. Мен таза иштедим, кылмыш иши козголот деп коркпойм, мыйзам бузган жокмун. Агенттиктин кызматкерлерине ыраазычылык билдирем»,-деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүн Мамлекеттик резиденцияда өткөн ишкерлер менен куруучулардын кеңешмесинде Президент С. Жээнбеков аны жемеге алып, «иштей албаса ордун бошотуу керектигин» айткан болчу.