Informator.kg —  “Манас” эпосунун күнүнө карата Бишкекте бир катар салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-декабрда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө «Залкар Манасчы» тасмасынын бет ачары, Мамбет Чокморов, Акылбек Манасчы жана Чоюке Өмүр уулу тууралуу тасмалар тартууланат.

Ошол эле күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Манас эпосунун урунттуу жерлерин чагылдырган көркөм жана прикладдык сүрөт өнөр көргөзмөсү коюлат.

Мындан тышкары, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “Кагылайын Манасым” театрлаштырылган пролог тартууланып, аны концерттик программа коштойт.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.

2017-жылдан бери өкмөттүн токтому менен 4-декабрь Манас күнү деп белгиленет