Informator.kg — Бишкекте октун үнү угулуп, тургундарды чочутту. Бул тууралуу Спутник маалымат агенттиги жазды.

Анда, окуяга күбө болгон тургундардын айтымында октун үнү жаңырган. Ошондой эле, төрт унаа кырсыкка кабылган. Кырсыкка кабылган унаалардын биринде Жол жана транспорт министрлигинин өткөрмө баракчасы болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча ок атышуу уюшкан кылмыштуу топтун арасында болгон. Окуя катталган жерде уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат.

ШИИБ окуя боюнча азыркы учурда эч кандай комментарий бере албай тургандыгын айтты.