Бишкекте мектептин жанынан карышкыр табылды. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Илязбек Балташев баракчасына видеону жайгаштырды.

Шаардын чок ортосундагы Респуликанский көчөсүнөн табылганы кабарланды. Патрулдук милициянын кызматкерлери чакыруу менен келишип, мектептин айланасында жүргөн карышкырды кармашкан. Тийиштүү экологдорду чакырышып, карышкырдын кайдан кантип келгенин аныкташууда.