Informator- 11.09.19 Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү үчүн жаңы бирдиктүү электрондук карталар чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Мына буйурса баштадык. Электрондук билет«, — деп жазып жаңы электрондук билеттин сүрөттүн жарыялаган.

Эске салсак, «Электрондук билет» долбоорун Швейцариялык «BPC» AG компаниясы ишке ашыра турган болгон.