Informator.kg — 09.10.19 Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ардагерлер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнөлүк Чемпионатта коло тагынды. Депутат 70 кг салмакта күрөшүп, биринчи айлампада Венгриялык Золтан Шоллени жеңген. Кийинки атаандашы Финляндиялык Раймо Лехтону да жеңип, бирок жарым финалда Ирандык Азада Алимохаммадпурго жеңилген. Ал эми Түркиялык Орхан Тикач менен 3-орунга күрөшүп, колонун ээси боло алды.

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк Чемпионат Тбилиси (Грузия) шаарында 9-13-октябрга чейин уланмакчы.