Informator.kg — Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева: ” Чет жактарда көп жүрөбүз ал жерде кыргыз паспорттору бизнеске айланып, колдонуп жүрүшөт. Кылмыш иштери болобу же жана башка нерселерде. Биз текшерген учурда жасалма паспорт эмес баары мыйзам чегинде берилгендиги аныкталды“,-деди парламенттин жыйынында .

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов эски паспорттор убагында берилип кеткенин,  азыр буга жол берилбегенин айтты. Өз кезегинде эл өкүлү суроосуна толук жооп ала албагандыгын белгиледи.