Informator.kg — Рита Карасартованын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалышына парламентте нааразы өкүл болду. Депутат Евгения Строкова кадр саясатында башаламандык болуп жатат деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди сынга алды. Депутат өз сөзүндө Карасартованы эл бузар деп атап, анын кантип билим берүү тармагына келип калганына түшүнбөй жатканын парламентте үн катты.