Informator.kg — Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

23 жашка чейинки жаштар арасындагы мелдеште Шаршенбеков 60 килограмм салмак ченинде 5 мамлекттин спортчулары менен күрөштү.

Финалдык беттеште Армениянын спортчусу Армен Меликянга алдырып коюп, күмүш байгеге ээ болду.