Бишкек. 14. 09.2019. informator.kg  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаңы корпус курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, 100 койкалуу корпустун учурда курулушу башталып, 2010-жылдын октябрына чейин ишке берилмекчи. “Курулуш толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 76 сом деп бааланууда. Каржы министрлиги алгачкы каражатты бөлүп, иш кызуу башталды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бул жаңы корпуска бет-жаак хирургиясы, офтальмологиялык жана урологиялык бөлүмдөр жайгаштырылмакчы.