İnformator-11.09.19  Бүгүн, 11-сентябрь Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин карашууда. Анда депутат Алтынбек Сулайманов: «Биз латын алфавитине өтсөк кандай болот, сиздин көз карашыңыз кандай бул боюнча?»,- деп суроо салган.

Каныбек Исаков, министрликке талапкер: «Бул боюнча көптөгөн талкуулар бар. Өзгөчө, түрк тилдүү мамлекеттерди бири-бири менен жакындатуу максатында талкуулар көп. Эгерде, мамлекеттин латын графикасына өтүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, мен колдойм»,-деп жооп берди талапкер.

Алтынбек Сулайманов, депутат: «Түрк мамлекеттеринен биз эле калыптырбыз латын алфавитине өтө элек. Эгерде, мамлекет латынга өтсө, тилди өнүктүрүүгө абдан чоң салым болмок».