Бишкек. 15. 08.2019. informator. kg «Курсан Асановду сураккка алып, анын үйүн тинтүүгө алууга жактоочусу катары катыштым. Кызыгы, козголгон кылмышы иши менен анын өзүн толук тааныштырышкан жок. Менимче, Курсан Асановдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинде анын кадырын түшүрүү үчүн ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин жеке кызыкчылыгы бардай». Бул тууралуу Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү текшерүүлөр, алдын-ала иликтөөлөр жүрө электе ИИМ министринин Курсан Асановду оор кылмыштарга айыптап чыкканы Конститутциялык күнөөсүздүк презумпциясы принцибин бузгандыкка жатат. Ошондуктан, бул боюнча жактоочу Президент менен Премьер министрге кайрылып, ишти иликтөөдө укуктук мыйзам бузууларга жол берилбей, иш акыйкат тергилиши керектигин суранаарын айтты.

«Кылмыш ишин тергелип аягына чыкканга чейин Кашкар Жунушалиев кызматынан убактылуу кетиши керек. Анткени, бул иште күбөлөр милиция кызматкерлери болгондуктан, аларга министр кысым жасап, көрсөтмөлөргө таасир этиши мүмкүн. Адилет тергөөгө шек келбеши үчүн министрди кызматтан убактылуу алууну бийлик жетекчилеринен суранам»,-деди ал.

Айрым булактардын айтымында, Курсан Асановдун үйүн тинтүү маалында, ага тагылган кылмыш иштерин тастыктай турган эч кандай шектүү буюмдар табылган эмес.