Бишкек. 12.02.20. informator.kg Өкмөттөгү орун алмашуу токтобойт көрүнөт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, вице-премьер Кубатбек Боронов кызматын тапшырып, Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевдин ордуна барганы жатат. Ал эми Досалы Эсеналиев болсо бүгүн Президенттен жеме уккан Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигине башчы болуп дайындалаары айтылууда.

Ал эми бош калган Өкмөттүн 1-орун басарлыгына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун келиши ыктымал.

Эгер бул маалыматтар чындыкка айланса, Мамкаттоого мурдагы төрага Дастан Догоев кайтып келиши да мүмкүн.