Informator-10.09.19 Бүгүн, 10-сентябрь Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасынын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев «КыргызАлтын» ишканасынын директорун комитеттин жыйынына катыштырбоо талабын койду.

Бирок, тепутаттар К. Рыспаевдин мындай сунуш-талабын кабыл алган жок.

Эскерте кетсек, парламенттин тармактык комитети укук коргоо органдарына «Кыргыз алтын» ишканасын текшерүүнү тапшырган. Депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, акыркы 4 жыл аралыгында мекемеде эч кандай реформа иштери жасалган жок. Компаниянын штаты чоң, азыр аппаратында эле 120 киши иштейт. Андан башка дагы дооматтар көп деген эл өкүлдөрү.