Бишкек. informator.kg

Ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча куралдуу операциянын күнгөй-тескейин иликтеген мамлекеттик комиссиянын чечими Өкмөттөн Жогорку Кеңешке жиберилди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, комиссиянын 20 мүчөсү менен вице-премьер министр Жеңиш Раззаков жолугуп, тыкыр отуруп, калыс иштеген комиссияга ыраазычылык билдирген.

Ал эми комиссиянын чечимине келсек, ага баардык мүчөлөр кол койгон, бирок, юрист Клара Сооронкулова документтке өзүнүн сунушун кошуп, макул болгон.

Эми бул документ парламенттин тиешелүү комитеттеринен өтүп, жалпы палатага алынып чыкмакчы.