Бишкек. 23.08.19 23-августта “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды. Ага ылайык, сынакта кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы 2,6 млрд. сом сунуштаган. Ал эми долбоорду ишке ашыруу үчүн «Вега» компаниясы 4,8 млрд. сом, Орусиялык «БИС» компаниясы 5 млрд. сом сунуштаган.

Бирок, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, тендердик комиссиянын башчысы Кубаныч Шатемиров ким жеңүүчү экенин комиссиянын акыркы чечиминен кийин белгилүү болоорун билдирди.

Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы боюнча 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге төрт компания катышып, анын үчөө жыйынтыктоочу турга өткөн болчу.