Бишкек. 13.08.19 «Милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМдин ички иликтөө кызматынын ага карата чечими боюнча «Азаттыкка» кыскача комментарий берди.

— Буюрса баары жакшы болот. Мен колумдан келгенди кылдым. Мага эч кандай айып коюлган жок. Башка комментарий бере албайм. Мен эч нерсе менен таанышкан жокмун, — деди Асанов.

Бүгүн, 13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Асановду кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгон. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп чечим чыгарган. Ошондой эле юридикалык баа бериш үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

Өкмөт башчы ушул эле күнү дагы бир буйругу менен Памирбек Асановду ички иштер министринин (ИИМ) орун басары кылып дайындады.