Бишкек. 23.08.19 Куттисай II долбоору боюнча Кыргызстан эл аралык соттон 24 000 000 долларга утулду. Бул тууралуу юрист Жоомарт Жолдошев билдирди.

Анын соцтармактарга дазганына караганда, доонун ээси Канадалык Станс энерджи компаниясы. Куттисай II долбоору Эл аралык арбитражды 2013 — жылы баштаган. Анда Кыргыз Өкмөтү кен казуу боюнча лицензияны кайра артка кайтарып алганы негизсиз болгон деп айтылат.

«Сотко катышкан доогер тараптын юристтери шылдыңдап Кыргызстанды коргогон юристтерди кайдан табып алгансыңар деген ушул соттогу ркуч. Өкмөттөн эле азырга чейин канча соттон канча сомго утулдуңар, Кыргызстандын өкүлдөрү ким жана аларга канча акча кетти деген үч суроону берсеңер эле баары түшүнүктүү болот. Юридикалык кылынган иштери боюнча көз карандысыз экспертиза кылып берчүлөр көп»,-дейт ал.