Informator.kg — Бишкек шаарынын А.Орозбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунда 3 жаштагы наристени унаа тепселеп кетти.

“Тойота Секвойя” машинесинин айдоочусу короодо токтоп турган унаасын артты көздөй айдаганда 3 жаштагы баланы байкабай, тебелеп кеткен. Бала оор жаракат алгандыгына байланыштуу ооруканадан каза болду. Кырсык кечээ, 3-ноябрда саат 16:00 чамасында болгон.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.