Informator.kg — Милициялар күнүндө эки милиционер “Гавайи” кафесинен кишини сабашкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББнан билдиришти.

1-ноябрда Чүй районунун ички иштер органына 28 жаштагы Кемин районунун тургуну арыз менен кайрылып, “Гавайи” кафесинен 1-ноябрда түн чамалап калганда аны эки адам сабап кеткенин айткан. Унаа токтотуучу жайдан ур-токмокко алган адамдарга карата чара көрүүсүн өтүнгөн.

Бул факт “Бейбаштык” беренеси менен каттоого алынып, кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар Токмоктун ИИБнүн УКЖнын 45 жаштагы У.А. жана 29 жаштагы С.Э. аттуу кызматкерлери болгон.

Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө. Мындан тышкары кызматтык иликтөө башталды.