Бишкек шаардык кеңеши бюджеттик комиссиянын, Бишкек шаары үчүн 50 автобусту шаардык бюджеттен алуу демилгесин колдоду. Бул тууралуу биринчи вице-мэр алмаз Бакетаев билдирди.

Ал Бишкектик жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишкананын башчысы, Нурлан Койчубаковго тиешелүу документтерди даярдоосун буйруду. Жакын арада тендер жарыяланат.