Informator.kg — «Мээнет» рубрикасы чет өлкөдө билим алып, иштеп жаткан Кыргызстандын жаштары тууралуу айтып бермекчи. «Ааламга жол айылдан башталат» демекчи Ош облусунун Төлөйкөн айылынан чыккан Тургунбаева Диана Европа мамлекеттерин кыдырып,Казакстандын Улуттук Университетинде билим алып,азыркы тапта окуусун Түркия мамлекетинде улантууда. «Чет өлкөдө окуу үчүн сөзсүз түрдө эле шаарда жашап, кымбат мектепте окуу зарыл эмес»,-дейт 20 жаштагы каарманыбыз.

«САБАКТАН «4» АЛГАН КҮНҮ АТАМДАН КОРКЧУМУН»
-Аскер адамынын үй-бүлөсүндө төрөлгөнүм үчүнбү, айтор, үйдө тартип күчтүү эле. Апам күндө сабактарымды текшерсе, атам ар жума сайын күндөлүгүмө кол койчу.Сабактан «4» алып калган күндөрү ,ушул жума апам кол койсо экен дер элем.Ата-энемдин ар бир «5»ти кантип алганыма маани бергени, келечегиме эң жакшы фундамент болуп берди. Андан сырткары 8-классымдан баштап, англис тилине кызыгуум артты. Олимпиадалардан жакшы жыйынтыктарга ээ болдум. Бир нече мамлекетке барганымдын себеби да,чет тилди билгениме байланыштуу деп ойлойм.

«КАЗАКСТАНДА КАНТИП ОКУП КАЛДЫМ?»
Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшырдым.Чет өлкөдө окууга жол дал ушул университеттен башталды.2-курста «Орхун» программасы аркылуу Казакстандын Аль-Фараби атындагы Улуттук Университетинде окуп келдим.Ал жерде стипендиялык негизде билим алып калганыма,»Манастагы» бааларым себепчи болду.Жатакана дагы бекер берилди.Сабактар англис тилинде болгондуктан,бир топ күчтү талап кылды.Жергиликтүү студенттер менен тең тайлашып эле окудук .Ошондой эле кыргыз студенттери менен ар кандай иш-чараларга катышып,байгелүү орундарды алдык. Менимче, Кыргызстанды уят кылган жокпуз.

«ТҮРКТӨРДҮН МАГА КЫЛГАН МАМИЛЕСИ…»
3-курсумду университетибиздин «Мевляна» программасы менен Түркияда окуп келүүнү аябай каалачумун. Ал үчүн бааларым жогору болуш керек эле. Билимим мени уят кылган жок. Азыркы тапта Кожаэли университетинде стипендиялык негизде окуп жатам.Сабактар түрк жана англис тилинде өтүлөт.Бир эле кесипти ар башка жерде окуган, өсүп-өнүгүүгө жол ачат экен.
Түрк туугандарыбыздын кичи пейил мамилеси кубандырды. Кыргыздарды тилди бат үйрөнүп кеткенибизге көп учурда таң калышат. Өзгөчө орус тилин. Өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү жана кемчилигибизди дагы чет жакка чыкканда сезет экенбиз.

«ЕВРОПАГА САПАР.. «
«Жайкы эс алууну бекер өткөрбөйүн деп, немец тилин үйрөнүп алып, Германияга барып иштеп келдим. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Чехия,Швейцария,Франция өлкөлөрүн кыдырдым.Кыргызстанга кереги тиер көп идеяларды топтодум десем болот. Буюрса, алдыда Европада окуп келүү кыялым бар. Албетте, бул тажрыйбаларым өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем.