Бишкек. 13.08.19 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузгандан кийин кызматын тапшырарын айтты. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди:

— Мен бул иштерди бүтүрүп, баарын отургузайын. Айрыкча менин кызматкерлеримди ургандардын баарын мыйзам чегинде отургузуп туруп анан кызматтан кетем.

Опумбаев 7-августтагы Кой-Таштагы окуялардан кийин президент Сооронбай Жээнбековго кызматтан кетүү ниетин билдиргенин 8-августта Жогорку Кеңештин кесексиз сессиясында айткан.