Бишкек. 09.10.2019. informator.kg Кыргызстан профсоюздар уюмунун ишин текшерүү үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу депутат Кожобек Рысбаев сунуш киргизди.

Анын айтымында, акыркы убактарда бул тармакта көп сөздөр чыгып, уюмдун башчылары коррупцияга шектелип жатат. Ошондон улам тыкыр текшерип, иштерди ачыктоо керек.

Бул комиссия келерки жума куралып, ишин баштамакчы.