Informator-13.09.19 Чүй ОИИБнын башчысы Самат Курманкуловду Москвадагы реабилитациялык борборго которушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Айтымында, которуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, борбордун директору макулдугун берди. Белгилей кетсек, Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен чыгымды мамлекет төлөп берет. Дарыгерлер бейтаптын абалында жакшы жылыштар бар экенин айтышууда.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашкан. Аны Москвага дарылануу үчүн алып кетишкен.