Informator.kg — Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык, саясий, укуктук реформага бара албай жатат. Бул тууралуу саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, реформа жасоодо Ак үйдөгү чиновниктердин эмес, коомдун кызыкчылыгын көздөө зарыл.

«Бирок президенттин реформага бараар-барбасы суроо бойдон турат. Экономикалык реформага барып, мыйзамсыз баюуну токтотуу, ошондой эле Президенттин ордун тактоо зарыл. Ошого жараша Жээнбеков чарбачыл эмес, стратег болушу керек. Аймакты өнүктүрүү, суу чыгаруу өкмөттүн иши. Бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылган президенттик институт керек», — дейт Бөрүбашев.