Informator-13.09.19 10-сентябрда Суусамыр өрөөнүндө жааган карда калган мал көчүрүлүп келгенден кийин бир топ мал-жандык өлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМ тарабынан Суусамыр өрөөнүнүн Сандык жайлоосунан 3500 баш кой менен 5 чабан көчүрүлүп келген. Ошол эле күнү 500 баш кой, 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн. Калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилди.