Informator.kg — 09.10.19 Токмок шаарынын «Токмок Водоканал» муниципалдык ишканасынын «Түштүк тилке» суу топтомосунда санитардык нормалар бузулууда. Кызматкерлер объектке бодо малдарды киргизип жиберишкен. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кайдыгер эмес жарандар кабарлашкан.

«Түштүк тилке» суу топтомосу КРнын стратегиялык объекттеринин бири. Объектке чоочун адамдардын, малдардын киришине тыюу салынат. Ал эми, суу топтомосуна бодо малдын киргизилиши одоно түрдө мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Ал эми жергиликтүү тургундар бул бодо малдар ишкана жетекчисине таандык экендигин маалымдашкан.

Биздин редакция бул окуя боюнча ишкананын жетекчиси, Жансеитов Шабданбек Каныбекович менен байланышканыбызда төмөнкүчө жооп берди.

«Мен билбейт экенмин, бул тууралуу так маалыматым жок. Ал эми объекттин ичиндеги кык жылкы мн келген кызматкерлердики болушу мүмкүн». Эскерте кетсек, кык уйдуку, жылкыныкы жана объекттин баардык аймагында жатат. (төмөндө сүрөт далил)

Окуя боюнча Токмок шаарынын мэри, Амангелдиев Данияр менен байланышканыбызда, ал бул тууралуу эч укпагандыгын, маалыматты териштирип, изилдей тургандыгын билдирген.

Эколог, Динара Кутманова: » Мындай кадамдарга администрация жол бербеш керек эле. Бул шалаакылык! Биринчиден санитардык нормалар объекттин ичинде сакталбаса, шаар тургундардын массалык уулануусу мүмкүн. Экинчиден ишкана жетекчилигин администрациялык айып пул төлөөгө мажбурлоо керек. Үчүнчүдөн сан. инспекция маалымат чыккандан кийин дароо келип, сууну текшерүүгө өтүш керек.
Төртүнчүдөн прокуратурага кайрылып, кылмыш ишин ачуу зарыл»,- деп эколог окуя тууралуу пикирин билдирген.