Informator.kg 08.10.19 Токтогул районунун Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактарынан 500гө жакын адам геологиялык чалгындоо ишине нааразы болуп, элдик жыйынга чогулушту. Кен түбөлүк казылбашы керек деген талапты койгон тургундар менен аким баш болгон бийлик өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Turmush.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, райондогу геологиялык чалгындоо иштерин Кызыл-Өзгөрүш, Үч-Терек айыл аймактарындагы Такталык, Каргыш, Кокуй-Бел жана Кара-Кыр участкаларында «Кирекс Оф Минералс» компаниясы жүргүзгөн. Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жалпысынан ал үчүн 21 миң гектардан ашуун жер берген. Аймактарды чалгындоого айылдык кеңештин депутаттары да макулдук берип, токтом чыгарып беришкен. Бирок элдин нааразычылыгынан улам Үч-Терек айылдык кеңештин депутаттары 2017-2018-жылдары чалгындоого уруксат берген токтомдорун өздөрү быйыл артка кайтарып алышкан.

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештин депутаты Зыпарбек Кулманбетов: «Кезегинде элге маалымат жеткиликтүү берилбей калган, анан өзүбүздө толук кандуу маалымат болбостон чалгындоо ишин жүргүзүүгө уруксат берип койгонбуз. Элдин талабынан улам макулдук берилген токтомду жокко чыгардык. Биз эми айыл аймакта чалгындоо ишине байланышкан лицензияларды жокко чыгаруу маселесин коюп жатабыз. Биз жайыттарды жок кылып албайлы деп ушул макулдук берген токтомду кайтарып алдык. Учурда Ничке-Сай, Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү кеңештин депутаттары да биздин чечимди колдошуп, алар дагы кайтарып алуу жагын карап жатышат», — деди.