Informator.kg — Орусиянын борбор калаасын Москвада «Дерись и побеждай» аттуу профессионалдык бокс турниринде Турат Осмонов алгачкы беттешин өткөздү.

Кыргызстандык мушкер, турат Осмонов алгачкы беттешин орусиялык мушкер менен өкөзүп, техникалык нокаут менен жеңип алды.

Эскерте кетсек, 26 жаштагы мушкер Кыргызстандын улуттук курамасында 2018-жылга чейин беттештери өткөзүп, 2014-жылы Кореяда болуп өткөн Азия оюндарында коло тагынган.