Informator-10.09.19 УКМКнын Коррупцияга каршы Кызматынын башчысы алмашып, «Манас» аэропортунун коопсуздугунун башчысы Данияр Абдыкаров болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Акүйдөгү өздүк маалымат булактарынан белгилүү болду.

Ал Алмазбек Атамбаевдин учурунда ИИМде орун басар министр болуп, анын колунан генералдык наамды алган эле.