Бишкек.7.10.2019. «Ичкилик ичип алын унаа айдагандарга 17 миң сом аз, казактарда 500 миң теңге экен, биз дагы 150 миңге жеткирели». Бул тууралуу ЖКдагы комитет жыйынында ЖКнын депутаты Урмат Самаев айтты.

Ал бүгүнкү күндө спирт ичимдиктерин ичип алып рулга отургандарга салынган айыптын өлчөмү аз болгондуктан, кээ бир чөнтөгү калыңдар эрежеге баш ийбей, анын айынан кырсыктар катталып жатканын айтты.

«Айып пулдарды башка жеңил эрежелерге карата азайтууну колдойм, бирок, ичимдик ичкендердин айыбын жогорулатууну жана андай учурда кырсыкка күнөөлүүлөрдүн жаза мөөнөтүн катаалдатуу керек»,-дейт ал.

Эске салсак, өкмөт айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.