Informator.kg — Кимде ким перформанс жылаңач аялды салтка байлап талкууласа, ал Чыңгыз Айтматовдун “Манкурт” чыгармасын эске салат. Бул туралуу Чыныбай Турсунбеков 3-декабрь күнү билдирди.

Буга чейин сүрөт музейинде перформанстар тарабынан иш чара өтүп анда жылаңач кыздын басып жүргөнүн социалдык тармактын колдонуучулары сынына кабылган. Мындан көп өтпөй 2-декабры күнү музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен.

Депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымында кыргыздар өткөн тарыхын билиши керек.

Тарыхта “ төө чечмей” оюну болуп келген. Бул оюнда жылаңач аял төө байланган арканды чечүү керек болгон. Эгер оюнду утуп кетсе ал жеңүүчү аталган. Бул салт бизде өткөн кылымда эле бар болчу. Муну билбегендер буга чейинки кыргыздар жылаңач аялды көрбөгөнсүп сөз кылып жатышат. Алар бул оюндун тарыхты билбегендер. “Төө чечмей” оюну Октябрь революциясына чейин уланып келген. Андан кийин көк-бөрү , ат чабыш, күрөш оюндары калыптанып калган. Бул оюндар кыргызда жок болчу дегендер жаңылышат”– деди депутат.