İnformator.kg — Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

5-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан карга айланат.

5-6-ноябрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −0… −5° суук, күндүз +1…+6° жылуу.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5°, күндүз +7…+12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн −0…-5° суук, күндүз +2…+7°.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2…-7° суук, күндүз −1 …+4°, тоолуу райондордо түнкүсүн −4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −10…-15°, күндүз −1…-6° суук болот.