Informator-11.09.19 Бүгүн, 10-сентябрда Жайыл районунда 17 жаштагы К.Т. аттуу бала айдап бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, 2 адамдын өмүрү кыйылды. Бул туууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 11-класстын окуучусу жандандыруу бөлүмүнө түштү. Кырсык Полтавка–Орто-Суу унаа жолунда болгон. Орто-Суу айылындагы мектептин 11-классынын 2 окуучусу жана Ново-Николаевка айылындагы мектептин 1-классынын окуучусу А.А. бара жаткан «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа даракка урунган.