Бишкек.13.09.2019. informator.kg Парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков Мелис Аспеков деген активисттин шантаж жасап, акча талап кылганын айтып, укук коргоо органдарына анын маалыматтарын кылдат текшерүүнү тапшырды.

«Мелис Аспеков деген бар экен, активист имиш. Ошол бирөөлөрдү ортого салып, жолуккусу келгенден кабыл алсам, мурда соттолгонун, аны мен каматкандыгымды, УКМКнын айрым кызматкерлери мени каралап бер деп жатканын, ал материалдарды таркатпаш үчүн мен ага акча беришим керектигин, ал сотко акча берип, соттуулугун алдырып, депутат болгусу келип жатканын айткан. Албетте, мен акча берген эмесмин. Эми ал чектен чыгып, мен жөнүндө ар нерсени жазып, «бирөөлөр анонимдүү телефон чалуулар менен коркутуп жатканын» айтып жатат. Ошондуктан, анын маалыматтарын текшерип, ага чалгандарды аныкташ керек»,-деди ал фракция жыйынында.

Эске сала кетсек, Мелис Аспеков Ч. Турсунбековду мыйзамсыз боюуга айыптап, Башпрокуратурага арыз жазганын жарыялап жаткан.