Бишкек.09.10.2019.informator.kg «2020-жыл менен Базар-Коргондон 100 чакырым алыс, электр энергиясы барбаган Жазы-Кечүү айылы инвесторлордун эсебинен жарык менен камсыз болот». Бул тууралуу Улуттук Энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров айтты.

Ал белгилегендей, жакында Чакан ГЭС курууну сунуштаган чет элдик инвестициялык компаниянын өкүлдөрү менен энергохолдингдин жетекчилери ошол жаратылышы катаал, жолу татаал айылда болуп, эл менен бирге аймакты жарыктандыруу боюнча жолугушуу өткөрүп келишкен.

«Биз элге үч вариантты сунуштадык. Чакан ГЭС куруу, күн нурунан энергия алуучу панелдерди коюу жана «Жалал-Абадэлектродон» жогорку чыңалуудагы чубалгылар менен электр алып келүү. Эл биринчи вариантты тандап, чакан ГЭС куруу менен унаа жолдорунун маселеси да акырындап чечилээрин айтышты»,-дейт ал.

Эске сала кетсек, жарык барбаган Жазы-Кечүүдө 200 түтүн эл жашап, чырак менен күн кечиришет.