Казакстандагы «Bek Air» компаниясы учак кулаган үйдүн ээсин сотко берди. Бул тууралуу «Тengrinews.kz» басылмасы билдирди.

«Жакында “Bek Air“ мени сотко бергени тууралуу документ келди. Азыр ойлонуп жатам. Эмне үчүн алар акимиатты эмес, мени сотко берип жатышат? Жер берүү тууралуу чечимди мага акимиат берген.Үй салууга уруксат берүүнү дагы акимиат чечкен. Мени күнөөлүү кылып жатышат. 21-февралда сотко чакырышты. Мен мурун аларды сотко бергем. Алар мага жооп катары доо арызын беришти», — деди Решет Калибек.