Экономика

Экономика

Иностранные инвестиции в Кыргызстан. Итоги 2019 года.

Приток прямых иностранных инвестиций в январе-сентябре 2019 года составил 576,8 млн. долл. США и в сравнении с аналогичным периодом 2018 года увеличился на 67,3 %. При этом, приток превысил уровень оттока на 63,3 млн. долл. США (в январе-сентябре 2018 года – на 16,8 млн. долларов).

За 9 месяцев т.г. в общем объеме поступивших прямых иностранных инвестиций наибольший удельный вес приходился на предприятия Джалал-Абадской области – более 40 процентов, г. Бишкек – около 28 процентов, Иссык-Кульской области – около 20 процентов, а также Чуйской области – около 12 процентов.

Основной объем прямых иностранных инвестиций (более 96 процентов) направлен в геологоразведку (196,2 млн. долл. США), предприятия обрабатывающих производств (180,6 млн. долл. США), добычи полезных ископаемых (72,3 млн. долл. США), сферу финансового посредничества и страхования (39,3 млн. долл. США), информации и связи (34,2 млн. долл. США), а также оптовой и розничной торговли (31,7 млн. долл. США).

Азыркы учурда «Жерүй» алтын кенинде абал кандай?

Талас алтын кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Башкы жалданма компания AAEngineering Group курулуш-монтаждоо иштерин аяктаган. Калдык сактоочу жайдын, баштапкы кен кампасы менен аянттар аралык жолдун жана башка инфраструктуралык объекттердин курулушу толук бүткөн.

Мында кен казуу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Учурда кампада тоннасына орточо 1,2 грамм алтын камтылган 8,1 тонна кен топтолду.

«Жерүйдүн» өндүрүш тилкесинде Кыргызстандын 760 жараны иштеп жатат. «Альянс Алтын» ЖЧКсы жергиликтүү элдин –Талас облусунун тургундарынын арасынан сынактын негизинде тандалгандарды даярдоо жана аларды кесиптик жактан окутууну улантууда. Келечекте кенде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 380 адам даярдоодон өттү.

Кен иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине салык төлөмдөрүнүн түшүүсү көбөйүүдө. 2020-жылы салыктык чегерүүлөрдүн суммасы дээрлик 2 миллиард сомду түзөт. 2015-жылдан 2020-жылдын 1-январына чейин ишкана 611 млн 912 278 сом өлчөмүндө салык төлөдү

Кыргызстанда 2020-жыл айнек идиштерди чыгаруу жана электромобилдерди куроого артыкчылык берилет

Бишкек. 9.01.20. informator.kg

Былтыркы жылдын аягында келечектүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүүчү кеңеш 6 ири долбоорду тандап алды. Бул тууралуу экономика министрлигинен кабарлашат.

Анда белгилүү болгондой, аталган кеңеш ПРООНдун “КМШнын аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылооо үчүн потенциалды бөкөмдөө” долбоорунун негизинде 20дан ашуун долбоорлорду карап чыгып,  алгачкыларды бекиткен.  Ошондой эле долбоорлордун Техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу үчүн атамекендик консалтинг компаниясын тандашып, ал өз ишин баштаганы белгилүү болду.

«Бизнес-долбоорлор Жалал-Абад, Yарын, Ысык-Көл аймактарын өз ичине камтып, айнек идиштерди чыгаруу, йоддолгон туз өндүрүү, электромобилдерди куроо, суу эсептегичтерди чыгаруу жана көл жээгине спорттук-денсоолукту чыңдоочу курулуштарды салуу жана өнүктүрүү сыяктуу багыттарды тандады”,-деп белгилейт министрлик.

Кыргызстандын Улуттук Банкынын алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 долларды түздү

Бишкек. 6.01.20. informator.kg

Быйылкы жылдын башында Кыргызстандын Улуттук Банкынын алтын-валюталык резерви 2 миллиард  417 долларга жетти.  Бул тууралуу Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековго жолуккан маалда айтты.

Төраганын айтымында, жогорудагы резервдик көрсөткүч  акыркы беш жылдагы эң жогорку чек болуп эсептелет жана бул акыркы жылы өлкөдөгү банк системасынын активдери 25 миллиард сомго же 11% көбөйгөнүн тастыктап турат. Ал ошондой эле «Керемет» банкы аркылуу бюджеттик кызматкерлерге 1 миллиард 54 миллион сомго турак жай алуу үчүн насыя бергенин да өлкө башчысына билдирип өткөн. Өз кезегинде, Сооронбай Жээнбеков төлөм системаларын, санариптик валютаны жөнгө салуу жаатында мыйзамдарды жакшыртууну жана финансы тармагында заманбап технологияларды киргизүүнү тапшырды.

Билип ал. Салык кодексине өзгөрүүлөр кирди.

Informator.kg — Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө“, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — тигүү жана текстиль өнөр жайындагы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу.

Мыйзамга ылайык ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бишкек түтүн. Салют аттырууга канча акча бөлүндү? — жооп.

Informator.kg — Жаңы 2020-жылга саналуу күндөр калды. Баш калаа жаңы жыл майрамына карата акыркы даярдыктарды көрүүдө. Бишкек мэриясы 6 мүнөткө созулган салют аттырууга 800 миң сом бөлгөндүгү белгилүү болду.

Муниципалитеттин айтымында, буга чейин эле тендер өтүп, жеңүүчүсү аныкталып калган соң андан баш тартууга мүмкүн болбой калган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында абанын булганып жатканына кабатыр жарандар жаңы жыл тосуу убагында жардыргыч колдонбоо чакырыктары менен акция өткөрүшкөн эле.

Борбордук аянттагы жаңы жылдык жасалгалоого жалпы жонунан 5 миллион сом бөлүнүп, учурда, жасалгалоо иштери уланып жатат.

Дүйнөлүк банк 384.900$ өлчөмүндө грант бөлөт — эмнеге?

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорунун (ЕСАРDEV Траст фондунун ТА0B0175 гранты) алкагында гранттык макулдашуу-каты жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул туралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптуу келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк “Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо” инвестициялык долбоорун даярдоо үчүн 384 миң 900 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.

Инвестициялык долбоор төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

1) Маалыматтык-технологиялык инфратүзүмдөрдүн алкагында функционалдык кемчиликтерди талдоо, иштеп чыгуу жана баалоо жүргүзүү;

2) Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүүнү кошкондо ПМНАСС долбоорун ишке ашыруу максаты үчүн сатып алуулар жана финансылык башкаруу жаатындагы ДИБ тандалып алынган кызматкерлеринин дараметин өстүрүү боюнча иш-чараларын колдоо;

3) Долбоордун ишине аудит жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү.

Депутат Марлен Маматалиев акыркы мезгилде насыя каражаттарга жакшы көңүл бурулуп жатканы менен, гранттык каражаттарга жакшы көңүл бурулбай келатканын белгиледи.

“Гранттык каражаттар бекер берилгенине карабастан, анын кандай пайдаланып жатканын да көңүл сыртында калтарбашыбыз керек. Мисалы, ушул гранттын 84 пайызы консултация берүү кызмат акысына жумшалат экен. Эмне үчүн мынчалык көп бөлүнгөнүнө түшүнүү кыйын”, — деди Маматалиев.

Салык кызматынын өкүлү Искендер Асылкулов бул гранттык каражатка 17,5 млн доллар көлөмүндөгү ири долбоор даярдала турганын, анын жарымы жеңилдетилген насыя насыя, жарымы грант болорун эске салды. “Долбоор иштелип жатканда каражаттын 80 пайызын консультациялык кызмат акыга пландаштырылган, бирок сүйлөшүү жыйынтыгында 26 пайызга чейин кыскарта алдык”, — деди салык кызматынын өкүлү.

Транспорт министрлиги өлкө бюджетине 108 млн сомдук финансылык зыян келтирген.

Informator.kg — Эсеп палатасы Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттин отчетун текшерип чыкты. Жыйынтыгында жалпысынынан 109 млн. 155,9 сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталды.

Аларды тизмектесек:
— негизсиз айлык төлөө-480,7 сом;
— курулуш-монтаж иштерин кымбаттатуу -105 млн. 258,2 сом;
— Бишкек-Ош жолун реаблитациялоо -421 миң доллар
— «Тараз-Талас-Суусамыр» жолун оңдоо- 807,7 доллар
— Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун Арал-Казарман бөлүгүнөн-140 миң доллар уурдалган.

Мындан тышкары мекеменин дебитордук жана насыя карыздары 3 млн. 144,2 сомдон ашып кеткен. Жалпы финансылык зыян 108 млн. 675,2 сомду түзгөн. Анын 35 млн. 29,5 сому өндүрүлгөн. Ал эми максатсыз 3 млн. 606,4 сом коротулуп кеткен. Бюджеттен болсо 10 млн. 283,5 сом ашыкча коромжу болгон.

Мекеменин ишин текшерүү тиешелүү органдарга берилди.

Швейцариялык компания өлкөнүн кышкы туризимине 2 млн сом бөлдү

Informator.kg — Чүй облусундагы «Ак-Түз» тоо лыжа базасында 21-декабрь күнү кышкы туристтик сезон расмий ачылат.  Анда лыжа тебүүнү каалагандарга атайын акысыз консультация жүргүзүлөт. Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун айтымында, чет элдик туристтерди көбүрөөк тартуу үчүн эс алууга бардык шарттарды түзүп, жарнама тармагын да өнүктүрүш керек.

-Биз кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча бир топ долбоорлордун планын  иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 кышкы тоо лыжа базасы бар, алардын болгону он алтысы  иштеп жатат. Өлкөбүз тоолуу болгондуктан, лыжа базаны ачуу кыйынга турбайт, бирок эл аралык стандартка жооп бериши керек, чет элдик туристтер үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондой эле түштүктө да лыжа базага ылайыктуу жерлер бар, алсак Алай району, тоолуу аймактарга лыжа база ачууну пландап жатабыз. Оңдоого муктаж болгон лыжа базаларды кайра иштетүүгө пландарды түзүп жатабыз. Кыргызстан  кышкы эс алуу боюнча топ -10 рейтингге чыкканбыз. Чет элдиктер рейтингге карап көп келе баштады, биз жарнама тармагын дагы да өнүктүрүшүбүз керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында, туризм боюнча эки документке кол койгон. Келишимдин алкагында кышкы туризмдин инфраструктураны оңдоо үчүн  швейцариялык компания 2 млн сом каражат бөлгөн. Швейцария менен  10 жылга келишим түзүп, бул аралыкта лыжа базаларды заманбап жабдыктар менен камсыздоо каралган.

Кыргызстанда жалпы 22 тоо лыжа базасы бар, бирок учурда алардын он алтысы гана иштейт. Калганы оңдоого муктаж, аны кайра иштетүүгө чет элдик гранттардын жардамы керек. 2018-жылы Кыргызстан кышкы эс алууну өткөрүүгө сунушталган мамлекеттердин алдыңкы ондугуна кирген.

Булак: Марал

Өткөн жумада өлкөдөн 516,3 тонна жаңгак Россия жана Түркия, Иран, Ирак өлкөлөрүнө экспорттолгон

Бишкек. Informator.kg

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан  мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында бир жума ичинде жүргүзүлгөн текшерүүлөр жүрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашат.

Анда ушул жылдын 9- 16- декабрь күндөрү экспорттолуучу 5325,76 тн. /3408 м³көлөмдөгү  атамекендик айыл чарба продукциялары текшерүүдөн өткөнү айтылат.

“Товарларды ташып чыгаруу жана ташып кирүүсүн текшерүү менен, продукциялардан үлгүлөрдү алуу, карап чыгуу ташуу шарттары жана сактоо эрежелери ишке ашырылды. Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын маанилүү аспектиси болуп саналган этикеткалоо маркалоо эрежелерин текшерүү жол-жобосу, ошондой эле коштоочу документтердин бар экендигин текшерүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына экспорттолгон 484,4 тонна жашылча (болгар калемпири, сабиз, чеснок, пияз, капуста, түрп); 934,46  тонна мөмө жемиш (жүзүм, алма, алмурут, кара өрүк, анар, бийалма, хурма); 806,8 тонна кургатылган мөмө жемиш; 516,3 тонна жаңгак (Россия жана Түркия, Иран, Ирак) өлкөлөрүнө экспорттолгон жана 2127,5 тонна буурчак, России, Казакстан жана 14 алыскы , жакынкы чет өлкөлөргө багытталган. Картошка 252 тонна в Өзбекстан, Туркменстан; азык түлүк тамактар – 204,3 тонна Россия, КЭР, Тажикстан, Өзбекстан жана Монголия өлкөлөрүнө экспорттолгон. Жыгач материалдары — 3408 м3  Россия жана Өзбекстанга экспорттолгон”,-деп айтылат маалыматта.

Мекеме ошону менен баардыгы болуп- 1454 уруксат кагаздары берилгенин, жума ичиндеги текшерүүнүн натыйжасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эместигин, баардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталбаганын билдирет.