Окуялар

Окуялар

Кыргызстанда телесериал тартуу үчүн өкмөт 30 млн сом бөлдү.

Кыргызстанда тематикалык телесериалдарды тартуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 30 млн. сом бөлүндү.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-январда «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушканда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Абылгазиев бул каражат балдарды руханий өнүктүрүү жана тарбиялоо үчүн мамлекеттик буйрутманын алкагында бөлүнгөнүн билдирди.

— Тасмада эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт, – деди премьер-министр.

Жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристи Айбек Дайырбековго премьер-министрдин энчилүү саатын тапшырды.

«Дарак ыры» — сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан. Ал буга чейин бир катар эл аралык сыйлыктарды алган.

Билим министрлигин сотко беребиз деген мугалимдердин айлыгы кыскарды.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигин сотко беребиз сотко беребиз дегенден кийин майрам күндөрү кыркылган айлык акы төлөнмөй болду. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, министрлик 1-январь жана 7-январь күндөргө акы төлөп бермей болду.

«Мугалимдердин даттануусунан кийин Билим берүү жана илим министрлиги менен байланышып, тактадык. Министрликтен майрам күндөрү кыркылган айлык акыны төлөп берерин билдирди», — деди Т.Эмилбек уулу.

Буга чейин Аксы районундагы А.Жаныбеков орто мектебинин социалдык педагогу, жергиликтүү кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов майрам күндөрү мугалимдердин маянасы кыскартылганы үчүн алар Билим берүү жана илим министрлигин сотко беришерин айткан.

Президент уволил судью городского суда — подробнее.

Судья Ошского городского суда Айнура Сулайманова досрочно освобождена от должности. Президент Сооронбай Жээнбеков подписал соответствующий указ. Об этом сообщает пресс-служба главы государства. 

Уточняется, что с предложением об освобождении к президенту обратилась дисциплинарная комиссия при Совете судей, куда поступило представление от прокуратуры Ошской области. 

Айнура Сулайманова при рассмотрении уголовного дела в отношении обвиняемого в совершении особо тяжкого преступления, связанного с наркотиками, вынесла судебный акт о принудительном применении мер медицинского характера, не исследовав все обстоятельства. В материалах дела нет также заключения судебной экспертизы.

Вышестоящая инстанция акт отменила, обвиняемый был признан виновным и приговорен к 10 годам лишения свободы.

Кроме того, судья Айнура Сулайманова изменила санкцию на домашний арест члену ОПГ по прозвищу Казак, подозреваемому в изнасиловании несовершеннолетней.

Кыргызстанда молдолорго 100$ айлык берүү сунушталды

Кыргызстанда молдолорго 100$ айлык берүү сунушталды. Мындай сунушту Турсубай Бакир уулу сунуштоодо.

Турсунбай Бакир уулу социалдык баракчасына «Молдолорго 100$ айлык берүү керектүү чара. Молдолор төрөлгөндө да , үйлөнгөндө да, сүннөтткө отургузуу маалында да жана өлгөндө да керектүү адамдар»,- деп сунушун калтырган.

Айып пул 3 эсе төмөндөтүлдү. Кандай өзгөрүүлөр бар?

Мыйзамда Бузуулар жөнүндө кодексинини 123-1-беренесинде (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Ага төмөнкү жол эрежелери кирет:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Ал эми жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп, айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин көбөйтүлдү.

«Ысык-Көлдө Казахстандын төрт анклавы бар». Бекназаров айрым документтерди эстеди.

Саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров  кыргыз жерлеринин коңшуларга өтүп кетишине Адахан Мадумаровду күнөөлөдү. Бул туурасында бүгүн, 16-январда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын негиздөөчүсү Адахан Мадумаров экөө 2005-жылы Акаевге каршы «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» деген кыймыл түзүшкөн. Бирок шайлоонун алдында Мадумаров кыймылдан чыгып кеткен.

Бирок мен ага карабай, көп жылдан берки саясий позициясын, акылдуулугун, курчтугун эске алып,  Бакиевге кирип, социалдык өнүгүү боюнча вице-премьер-министр кызматына койдургам.  Бирок ал Өкмөткө кирери менен биз менен эмес, дароо эле Данияр Урицкий (Данияр Үсөнов-ред.) менен колтукташып кетти. Ошондон баштап 2010-жылга чейин Адахандын үнүн үч жерде гана уккансыңар, — деди Бекназаров.

Ал Мадумаровдун үч тарыхый документке кол койгондугун айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Казак-кыргыз чек арасы каралып жатканда Каркыра, Көк- Сай, Токмоктун маңдайы, Маймак баардыгын казактарга өткөрүп берген. Тарыхый документте Жогорку кеңештин төрагасы Мадумаровдун «макул» деген добушу менен анын колу турат.

Азыркы учурда Айбалаев менен тартышып жүрбөйбү? Чек ара боюнча меморандумда Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы катары Адахандын колу бар. Анын ошол кызматта туруп меморандумга кол койгонго укугу бар беле? Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент кол койгонго укук берген эмес.

Ысык-Көлдүн жээгинде Казакстанга өткөн 50 гектар жери менен төрт анклав бар. Алар Казакстанга мөөнөтсүз өткөрүлүп берилген. Мадумаров, Данияр Үсөнов экөө кезексиз жыйын өткөрүп, казактарга өткөрүп берген. Чек араны бир күндө өткөрүп берген. Ал жерде да Мадумаровдун колу турат».

Андан башка дагы Мадумаров 2009-жылы сунушталган «Кыргызстандын президентин Президенттин алдындагы кеңешме аныктайт» деген мыйзамдын автору экендигин кошумчалады.

Ошондой эле шайлоого партиялык тизме менен шайлансын деген мыйзамды да Мадумаров, Бакиев, Медет Садыркулов даярдап алып келгенин белгиледи.

Сөзүнүн аягында ал өзүнүн сатылбагандыгын айтып, Мадумаров менен айтышпай турганын, баары алдында жооп бере турганын билдирди.

Эске салсак, Мадумаров өзүнө карата айтылган жогорудагы сындарды четке кагып келет.

Жогорку Кеңеште Баткенге суу сактагыч куруу сунушталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова: «Суунун көпчүлүк бөлүгүн Тажикстан жана Өзбекстан пайдаланат. Ошентсе да Баткен суу таңкыстыгы бар жер болуп эсептелинет. Ошондуктан, Баткендеги суу таңкыстыгын жоюу максатында суу сактагычтарды жана БСРлерди курууну сунуштайм»,- деп депутат.

Атамбаев үй-бүлөсү менен жолукту.

Абакта олтурган Алмазбек Атамбаевге уулу Сеид Атамбаев менен жолугууга уруксат беришти. Бул туурасында мурунку президенттин жактоочусу Сергей Слесаревге таянып, 24.kg жазды.

Жактоочунун айтымында, УКМКнын Тергөө абагында отурган экс-президент жубайы жана кичүү уулу Кадыр менен да жолукту.

«Атамбаевдин ден соолугу жакшы, эч нерсеге арызданган жок. Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуялар боюнча кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатам. Экспертизалардын корутундусу менен жарым-жартылай тааныштым», — деп билдирген Сергей Слесарев.

Эске салсак, камакта отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштурууга, башкача айтканда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар деп шектелип жатат.

Аваз Акимов менен Айдана Дека кыздуу болушту.

Ырчы Аваз Акимов менен Айдана Дека кыздуу болушту. Бул тууралуу ырчылардын санаалаштары социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.
Эскерте кетсек, түгөйлөр 2019-жылдын март айында баш кошушкан.

Кыргызстанда бак-дарактарды отургузуу күнү белгиленет.

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн “Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү” деп жарыялоо жөнүндө” токтомдун долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева токтом долбоору боюнча баяндама жасады.

Долбоор экологиялык жана санитардык абалды жакшыртуу, республикадагы шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, бак-дарак аянттарын көрктөндүрүүнү жана көбөйтүүнү колдоо максатында даярдалган. Ошондой эле атмосфералык абаны булгоочу заттардын концентрациясы көбөйүп жаткандыгы да бул токтом долбоорунун иштелип чыгышына себеп болгон.

Депутат А.Алтыбаеванын айтымында, бак-дарак отургузуу күнү сыяктуу күндөр Россияда, Казакстанда, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө белгиленип, өз натыйжасын берип келүүдө.

Долбоорго ылайык, ар жылдын март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо менен облус, район, шаар бийликтери бак-дарак көчөттөрүн отургузуу, аларды асыроо жана сактоо иш-чараларын көрөт.

Талкууда каржы булактарын издеп табуу маселеси боюнча КР Өкмөтү менен макулдашылгандыгы такталды. А.Алтыбаеванын маалыматында, токтом менен талап кылынуучу бак-дарак маселеси боюнча өлкө аймагындагы питомниктерде көчөттөр жетиштүү.

Депутат Исхак Масалиев бул маселени Өкмөткө тапшырма катары эле берүүнү сунуштап, атайын токтом кабыл алып, ага улуттук деген макам берүүнүнүн зарылчылыгы жоктугун айтты. Мындай пикирди депутаттар Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев улады.