Окуялар

Окуялар

В Оше пытались продать младенца за 5000$ США.

В Ошской области арестовали двух женщин, которые пытались продать новорожденного за $5 тысяч. В УВД региона подтвердили информацию.

Одна из женщин родила 17 января в роддоме Узгенского района здорового доношенного ребенка. На третьи сутки она вместе с родственницей начала искать покупателя на него. Женщины хотели получить $5 тысяч.

Оперативники УВД Ошской области вышли на продавщиц и выступили в роли покупателей. Они передали задаток в $1 тысячу 500, договорившись отдать всю сумму при получении младенца.

Женщин задержали 21 января. По факту возбудили уголовное дело по статье «Торговля людьми» УК КР.

Ошский городской суд избрал женщинам меру пресечения. Родственница роженицы заключена под стражу в СИЗО, а мать новорожденного — под домашний арест. Ребенок пока в Доме малютки. Кто является отцом младенца, неизвестно.

Чуулгандуу музейдин сайты ачылды.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин сайты ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сайтка музейдин төрт миңден ашык живопись сүрөттөрү жана миңге жакын музей фондундагы скульптуралык эмгектери кирди.

«Жаңы сайт, көркөм өнөр галереяны онлайн режиминде алгачкы жолу түзүлгөндүгү менен өзгөчөлөнөт. Түзүлүшү жеңил, кабыл алууга оңой жана дизайны бүгүнкү күндөгү заманбап талаптарга жооп берет. Көргөзмөлөр, мастер- класстар, дарстар, жана бет ачаарлар тууралуу маалыматтарды ошондой эле керек болгон эмгектерди автору же жанры боюнча издеп таап алууга болот», — дейт министрлик.

Мекеме долбоордун максаты Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин фондунда бар маданий баалуулуктарга жаңы санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жарандарга жеткиликтүү болушуна шарт түзүүнү көздөйт.

«Памирге баргыла». Вице-спикер видео кайрылуу жасады.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров  23-январда парламент жыйынында нааразы болгон кыргызстандыктарды памирге баргыла деп айткан сөзүнө түшүндүрмө  берди.

Памирдеги этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү боюнча да иштер уланышы керектигин жана мамлекеттик программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп жатып, эл өкүлү Кыргызстандагы жашоо-шартына нааразы болгон жарандарды Памирге жөнөтүү керектигин айткан болчу.

Рыскелди Момбеков: Өкмөт кутуруп кетти.

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков президентке кайрылып, коңшу өлкөлөрдүн башчылары өз өкмөттөрүн жаңылаганын эскертти. Ал эми кыргыз өкмөтүн сынга алып, тартипке чакыруусун айтып чыкты.

«Чычкан жылы башталбай эле, чыйкан жылы башталып кеттиби, мен түшүнбөй калдым. Жыл башталбай жатып, эмне балекет жылан чагып жиберди, бир вице-премьер-министр элеттеги элдин жашоосун эшектердин азайганына теңеди. Дагы бир вице-премьер чек арадан чыдабай, чыгып кеткен адамдарды «чыккынчы» деди. Кечээ дагы бир өкмөттүн өкүлү «галстугуңар жок» деп мугалимдерди зекип атат. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо, бюджеттен акча бөлүп галстук сатып берели. Бул эмне деген дөөпөрөстүк? Элдин кыжырына өздөрү тийип жатат. Башка иштери жокпу? Сооронбай Шарипович, Орусиянын өкмөтү отставкага кетти, Шахват Мирзиёев өзүнүн өкмөтүн кетирди. Биздин өкмөт кутуруп кетти. Жеңиш Разаковду тыңчы деген үчүн бир генералга кылмыш иши козголду. Чындыкты жазган «Чындык» деген сайттын башчысын камакка алды. Өзү болсо элди чыккынчы деди. Ошол жердеги эл чыккынчы деген соттун чечими барбы? Элге эмнеге тийишет? Сооронбай Шарипович, эртең Коопсуздук кеңеште өкмөттү тартипке салып коюңуз, тизгинин кагып коюңуз. Болбосо өкмөт элге эрегишип алыптыр, эл энесин таанытып коёт», — дейт эл өкүлү.

Бакиров КРдагы жашоого наалыгандарды Памирге жөнөтүүнү сунуштады.

Кыргызстандагы жашоо шартына нааразы болгон жарандарды Памирге жөнөтүү керек. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Бакиров айтты.

Вице-спикер Бакировдун айтымында, Памирдеги оор жашоону көргөн жарандар, Кыргызстандагы жашоо тууралуу терс ойлорун өзгөртүп наалыбай калмак. -Памирдеги жашоо кандай оор экенин биз ЖМКлар аркылуу жана тарыхчылар Айдаралы Сапарбаев менен Кубанычбек Темиркуловдун эмгектеринен окуп жүрөбүз, — деп кошумчалаган депутат.

Ошондой эле, Памирдеги этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү боюнча да иштер уланышы керектигин жана мамлекеттик программа иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген депутат Мирлан Бакиров.

Орусияда 5 кыргызстандык жол кырсыктан көз жумду.

Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык номурлуу унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги баардык жүргүнчүлөр набыт болду. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, кырсык күн мурун Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан.

Бир версияга ылайык, кырсыкка аба-ырайынын катаал шарты себеп болгон.

КамАЗды 33 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан, ал жабыркаган эмес. Ал эми каза болгон 5 эркек киши Кыргызстандын жарандары деп айтылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыкташты.

Жалал-Абад облусунун губернатору Нурболот Мирзахмедов болду.

Нурболот Мирзахмедов Сабиржанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин ал Өзгөчө Кырдаалдар Министри болуп кызмат кылып келген.

Түптө Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун борборунда мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты. Нааразы болгондор мурунку эл өкүлүн бошотууну талап кылышууда. Буга чейин саясатчыны колдоо акциясы Тоң районунда өткөн. 

 «Садыр Жапаровду колдоо штабы тарабынан уюштурулган митинг бүгүн Түптө өтүп жатат. Абдан көп киши келди. Акция Ысык-Көлдүн баардык райондорунда жана шаарларында уюштурулууда. Февралда Бишкекте Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен ири акция өткөзөбүз», — деп жарандык активист Мелис Аспеков билдирди. 

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Санэпидемиология: «Кытайда пайда болгон коронавирус жуктуруп алган учурлар өлкөдө катталган жок».

Travelers wear face masks as they walk outside of the Beijing Railway Station in Beijing, Monday, Jan. 20, 2020. China reported Monday a sharp rise in the number of people infected with a new coronavirus, including the first cases in the capital. The outbreak coincides with the country's busiest travel period, as millions board trains and planes for the Lunar New Year holidays. (AP Photo/Mark Schiefelbein)

Санэпидемиология: «Кытайда пйда болгон оору Кыргызстанда байкалган жок». Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларында санитрадык-эпидемиологиялык пункттар иштеп, термографиялык камералар орнотулду. Бул тууралуу Оорулардын профилактикасы жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар «Эркечтам», «Торугарт» өткөрмө жайларында жана Бишкек менен Оштун аэропортторунда көрүлгөн.

«Термографиялык камера адамдын температурасын (инфекциялык оорулардын болушу мүмкүндүгүн) аралыктан аныктайт. Эгер экранда адамдын температурасы көтөрүлгөн болсо, аны эпидемиологдор текшерип, анда инфекциялык оору болушу мүмкүн экендигин карашат. Кокус, ал тастыкталса, бейтап стационарга жаткырылат», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Кытайдын жарандарынын жана товарларынын киришине чектөө коюуну сунуштай элек. Ошондой эле эртең Кытай Жаңы жылды майрамдап жатканына байланыштуу чек араны жабат. Бизде кошумча чараларды көрүүгө убакыт болот», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV вирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктады. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан төрт киши көз жумду. Илдетти жуктуруп алгандарын көбү Ухань шаарынын жашоочулары. Бул арада Шанхай, Пекин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Кытайдан тышкары Таиландда, Японияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Шавкат Мирзиёев: «Биз өз продукцияларыбызды Европага экспортойбуз».

Өзбекстандын президенти, Шавкат Мирзиёев жер жемиштерди жана мөмө жемиштерди 2млрд АКШ долларына кайра иштетилип жаткандыгын белгиледи.

«Биз даяр продукцияны кайсы өлкөлөргө жөнөтөбүз? Ким бизди күтүп жатат? Туура, Европада баалар кымбат. Бирок, биз ошол стандартка ылайык продукция даярдашыбыз керек».