Окуялар

Окуялар Страница 2

Суусамыр өрөөнүндө жааган кардан 200 кой, 4 жылкы өлгөн

Informator-13.09.19 10-сентябрда Суусамыр өрөөнүндө жааган карда калган мал көчүрүлүп келгенден кийин бир топ мал-жандык өлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМ тарабынан Суусамыр өрөөнүнүн Сандык жайлоосунан 3500 баш кой менен 5 чабан көчүрүлүп келген. Ошол эле күнү 500 баш кой, 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн. Калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилди.

Самат Курманкулов Москвадагы реабилитациялык борборго которулат

Informator-13.09.19 Чүй ОИИБнын башчысы Самат Курманкуловду Москвадагы реабилитациялык борборго которушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Айтымында, которуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, борбордун директору макулдугун берди. Белгилей кетсек, Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен чыгымды мамлекет төлөп берет. Дарыгерлер бейтаптын абалында жакшы жылыштар бар экенин айтышууда.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашкан. Аны Москвага дарылануу үчүн алып кетишкен.

Экс-заминистр соц.развития Мамытова думает что учителя зарабатывают в день 6000 сомов

Informator-12.09.19 Экс-замминистра социального развития Лунара Мамытова сообщила, что бишкекские учителя в месяц зарабатывают более 100 тысяч сомов. Своими подсчетами она поделилась в Твиттере. 

«Мне тут посчитали доход одной учительницы начальных классов…у которой 2 класса. Продленку проводит каждый день — с человека 300сомов, по 20 учеников в среднем , получается в день только 6000 сомов … А это больше прожиточного минимума в МЕСЯЦ(!)», — написала Лунара Мамытова. 

Лунара Мамытова считает, что в Бишкеке учитель зарабатывает более 100 тысяч

Подписчики подсчитали, что если верить бывшей чиновнице, учителя зарабатывают около 140 тысяч в месяц.

Источник: Вечерний Бишкек

Валентина Шевченко күйөрмандарын Матраимовдор уюштурган мелдешке чакырды

UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко Ош шаарындагы мушташ спортунун сүйүүчүлөрүн Матраимовдор уюштурган мелдешке чакырды. Чемпиондун бул кайрылуусу «Ош СПОРТ Комитет» уюмунун YouТube каналына чыгарылды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында өтүүчү мушкерлер мелдешин Руслан Матраимов жетекчилик кылган «EREM» спорттук клубу уюштурган. Руслан Кыргызстанга «Раим миллион» деген ат менен кеңири таанымал Райымбек Матраимовдун бир тууганы болот.

Маалыматка ылайык, мелдеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо өтөт. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Беларусия, Украина жана Словакия өлкөлөрүнөн келген мушкерлердин 20 беттеши каралган.

Мелдештин эки беттеши титулдук болот. Анда чемпиондук кур мөөрөйгө коюлары айтылат.

Мы не бараны. Кожобек Рыспаев: “Сколько мы будем терпеть это унижение?”

Informator — 12.09.19 12 сентября на заседании Жогорку Кенеша он процитировал сообщения с неизвестных номеров телефонов, которые к нему поступают.

«Там открыто со своих номеров пишут: «Доброе утро, скоро этих баранов будем выбирать…». Открыто так пишут по телефону. Сколько мы будем терпеть это унижение? «Доброе утро. Надо ослабить всех тех, кто пропихивает новый закон о профсоюзах, чтобы этих б* не было в списках в 2020 году. Во всяком случае в начале списков. И мы победим», — пишут они», — сказал Рыспаев.

По его словам, профсоюзы продают государственное имущество. «Государственное имущество продают. Совет директоров пусть не создает свое государство. Пока не примут закон, пусть не продают имущество. Сейчас они хотят продать гостиницу «Достук», — сказал Рыспаев.

Депутат обвинил профосюзы в продаже государственных земель на турбазе, а также на Иссык-Куле.

Получайте знания бесплатно с помощью тарифной опции «Образование» от MegaCom

Informator- 12.09.19 В самый разгар нового учебного года школьники и студенты могут воспользоваться удобной и полезной тарифной опцией «Образование» от MegaCom, которая дарит безграничные возможности для самообразования совершенно бесплатно.

Просто подключите услугу, и вам в любое время будет обеспечен неограниченный и бесплатный доступ с мобильного телефона к всемирно известной виртуальной энциклопедии Wikipedia и образовательному ресурсу Codecademy с нулевым трафиком! 

Wikipedia — крупнейший в мире информационный портал, содержащий более 40 миллионов статей на многих языках мира. Не зря этот образовательный ресурс называют мировым хранилищем знаний.

Сodecademy.com – известный сайт по обучению программированию, благодаря которому все желающие могут самостоятельно обучаться в любом уголке страны и успешно применять полученные знания на практике.

Бесплатная команда для активации опции *455*1#, вызов. При этом скорость трафика остается стабильной, временных ограничений в использовании ресурсов нет.

Расширяйте кругозор и пополняйте свои знания вместе с MegaCom!

Подробнее на сайте компании megacom.kg.

Каныбек Исаков, министр образования — Резюме

Informator- 12.09.19 Исаков Каныбек Абдуваситович вчера 11-сентября с одобрением парламентарии стал министром образования и науки КР.

Дата рождения: 4 июня 1969 года

Место рождения: село Жаңы-Ноокат Ноокатского района Ошской области

Образование

1976-1986 годы — средняя школа имени ВЛКСМ Ноокатского района.

1987-1993 годы — Ошский государственный университет, факультет кыргызской филологии, специальность: кыргызский язык и литература.

В 2001 году защитил кандидатскую диссертацию на тему: «Поэтический мир Б.Сарногоева».

В 2011 году защитил докторскую диссертацию на тему: «Природа, истоки и процесс формирования кыргызской басни».

Трудовая деятельность

1986 год — колхоз «Бел-Өрүк», рабочий.

1988-1990 годы — служба в рядах Советской Армии.

1990-1993 годы — продолжил обучение в Ошском государственном университете.

1993 год — ОшГУ, преподаватель кафедры языкознания факультета кыргызской филологии.

1997 год — ОшГУ, заместитель декана факультета кыргызской филологии.

1998 год — ОшГУ, помощник ректора по воспитательной работе.

1999 год — ОшГУ, старший преподаватель.

Шумахер пришел в сознание после шести лет комы.

Informator — 12.09.19 Семикратный чемпион мира в «Формуле-1» Михаэль Шумахер пришел в сознание после шести лет комы.

Ранее сообщалось, что 50-летний спортсмен был перевезен в Европейский госпиталь Жоржа Помпиду.

Шумахер поступил в отделение сердечно-сосудистой хирургии к известному профессору кардиохирургу Филиппу Менаше. Отмечалось, что гонщику будет назначено лечение с использованием стволовых клеток.

Спортсмен получил черепно-мозговую травму головы в декабре 2013 года при падении во время катания на горных лыжах.

Өмүрбек Текебаев: «Модин жалган айткандыгы үчүн жоопко тартылыш керек»

Informator- 12.09.19 «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Алексей Модинге карата арыз жазып, укук коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев  билдирди.

Айтымында, арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Саясатчы Алексей Модинди жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда.

Белгилей кетсек, Орусиянын жарандары Алексей Модин менен Леонид Маевский Өмүрбек Бабанов менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча башкы күбө болушкан.

«Модин айткан нерселердин баары жалган. Мен муну далилдей алам. Ал жалган айткандары үчүн жоопко тартылышы керек», -деди Өмүрбек Текебаев.

Маалыматка ылайык, Алексей Модин суракка алынган. Эми ал Өмүрбек Текебаев менен жүздөштүрүлмөкчү. Белгилей кетсек, жаңы кылмыш мыйзамы боюнча жалган маалымат бергендиги үчүн, Алексей Модин 3 жылдан эркинен ажыратылышы мүмкүн.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев абройлуу адабий сыйлыкка татыды

Бишкек. 11.09.2019. informator.kg Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Маскөөдө эл аралык адабий сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу анын жардамчыларынан белгилүү болду. Анда Москвадагы А. Скрябин атындагы Үй-музейде Евразиялык чыгармачылык Кеңешинин(ЕТС) жыйыны өтүп, анда парламентарийге «маданий чөйрөгө кошкон салымы үчүн» алтын сыйлык тапшырылган.

Эске сала кетсек, Каныбек Иманалиев акыркы жылдары адабий тармакта катуу иштеп, бир нече китептерди чыгарууга жетишкен жана эл аралык китеп көргөзмөлөрүндө анын чыгармалары бир канча сыйлыктарга татыган.