Окуялар

Окуялар Страница 3

Айбек Калиевге «алдамчылык» беренеси менен айып кошулду

Бишкек. 11.09.2019. informator.kg Үстүнөн «Коррупция» беренеси менен Бишкек ЖЭБинин модернизациясына байланыштуу кылмыш иши козголуп, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган экс-министр Айбек Калиевге жаңы айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирген.

Анын айтымында, ал кытайлык ТВЕА компаниясына тиешелүү жол тандабас унааны алардын ишеничине кирүү менен алдап, өзүнүн жакындарына арзан баада алып берген. Мындан улам ага «алдамчылык» беренеси менен жаңы айып тагылган. Анын жактоочусу болсо бул кылмыш иш саясий куугунтук катары козголуп жатканын, ал аталган компаниянын унаасын акчага мыйзамдуу сатып алганын, мыйзам бузулбаганын айтууда.

Жантөрө Сатыбалдиев ооруп, сотко келген эмес

Бишкек. 11.09.2019. informator.kg Коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө абагында жаткан мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин саламаттыгы начар. Бул тууралуу анын жактоочулары билдиришкен. Алардын айтымында, бүгүн Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш ишин соттук кароо ушул себептен кийинкиге жылдырылган. Анда абакта жаткан чиновниктин абалы жакшы болбой, сотко алынып келинген эмес.

Бирок, УКМК анын денсоолугу канчалык деңгээлде, кайсыл оорунун айынан начарлаганын азырынча айта элек.

Каныбек Исаков стал министром образования КР

Informator- 11.09.19 Депутаты единогласно поддержали кандидатуру Каныбека Исакова на пост министра образования. Голосование состоялось сегодня, 11 сентября. 

Каныбек Исаков с 2011 года являлся ректором ОшГУ, по образованию он филолог кыргызского языка. 

После голосования Исаков поблагодарил депутатов за оказанное доверие. 

Отметим, экс-министр образования Гульмира Кудайбердиева ушла в отставку 4 сентября после скандалов с покупкой новых учебников и школы из контейнеров. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев выдвинул на освободившийся пост Каныбека Исакова. У кандидата не нашлось конкурента, он был единственным претендентом.

Москва. Полиция кыргызстандык мигранттарды тапанча менен коркутууда

Informator.kg 11.09.19 Москвада полиция кыргызстандык мигранттарды тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу Telegram-канал Baza билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, Петр Бледнов аттуу полиция менен Кыргызстандан барган мигранттар арасында пикир келишпестик жаралган. Полиция тапанчасын алып коркута баштаганда, окуя болгон жерге башка күч органдарынын кызматкерлери келишкен. Алар кесиптешин кармап полиция бөлүмүнө алып барышкан. Бирок, ал жөн турбай нөөмөттө отурган кызматкердин бетин муштап жиберген.

Маалыматка караганда, жаңжал чыгарган полиция мас абалда болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучунун мурду сынып, ооруканага жиберилди. 

Бишкектеги коомдук транспорттордо электрондук билеттер колдонулат

Informator- 11.09.19 Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү үчүн жаңы бирдиктүү электрондук карталар чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Мына буйурса баштадык. Электрондук билет«, — деп жазып жаңы электрондук билеттин сүрөттүн жарыялаган.

Эске салсак, «Электрондук билет» долбоорун Швейцариялык «BPC» AG компаниясы ишке ашыра турган болгон.

Каныбек Исаков, министрликке талапкер: «Кыргызстандын латынга өтүүсүн колдойм»

İnformator-11.09.19  Бүгүн, 11-сентябрь Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин карашууда. Анда депутат Алтынбек Сулайманов: «Биз латын алфавитине өтсөк кандай болот, сиздин көз карашыңыз кандай бул боюнча?»,- деп суроо салган.

Каныбек Исаков, министрликке талапкер: «Бул боюнча көптөгөн талкуулар бар. Өзгөчө, түрк тилдүү мамлекеттерди бири-бири менен жакындатуу максатында талкуулар көп. Эгерде, мамлекеттин латын графикасына өтүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, мен колдойм»,-деп жооп берди талапкер.

Алтынбек Сулайманов, депутат: «Түрк мамлекеттеринен биз эле калыптырбыз латын алфавитине өтө элек. Эгерде, мамлекет латынга өтсө, тилди өнүктүрүүгө абдан чоң салым болмок».

Китай закрывает кыргызско-китайскую границу на 3 дня

İnformator — 11.09.19 По инициативе китайской стороны в связи с празднованием в КНР традиционного Праздника Луны пункты пропуска на кыргызско-китайском участке государственной границы временно закроют. Об этом сообщил отдел по связям с общественностью и СМИ ГПС КР.

По его данным, на пунктах «Торугарт» и «Иркештам» пропуск лиц, транспорта и грузов приостановят с 13 по 15 сентября включительно. КПП возобновят работу 16 сентября.

Өкмөт: «Борбордук стадион оңдолот»

İnformator — 11.09.19 Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндары өтө турган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Көчмө жыйындын катышуучулары стадиондун, футбол аянтчасынын жана секиченин алдындагы бөлмөлөрдүн абалы жеринен көрүштү.

Акыркы учурларда өлкөдө футболго кызыккандардын саны көбөйүп жатканын, эл аралык оюндар өтөөрүн айткан Алтынай Өмүрбекова стадионду оңдоп-түзөө, айрым отургучтарды алмаштыруу керектигин белгиленди.

«Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо туруна атаандаш командалар гана эмес, алардын күйөрмандары, эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да келет. Ошондуктан стадионду иретке келтирүү керек«, – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова стадиондун жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине зарыл болгон чараларды кабыл алууну жана аренаны даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун квалификациялык этабында Кыргызстандын Улуттук курамасы F тайпасына жайгашкан. Ак Шумкарлар тайпадан чыгуу үчүн Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма  командалары менен күч сынашат. Дүйнөлүк чемпионат 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт.

Каныбек Исаков, министрликке талапкер: «Мектепте окуучулар уюлдук телефон колдонуусун колдобойм»

İnformator-11.09.19 Бүгүн, 11-сентябрь Жогорку Кеңеш Билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун кандидатурасын карашууда. Анда депутат РыскелдиМомбеков министрликке бара жаткан кандидатка «мектептеги окуучулардын уюлдук телефон колдонгонун туура деп ойлойсузбу?»,-деп суроо берген. Буга Каныбек Исаков: «Мен мектепте окуучулардын уюлдук телефон колдонгонун колдобойм»,-деп жооп берди.

Кандидат Каныбек Исаков пообещал изменить школьную программу Кыргызстана

İnformator-11.09.19 Кандидат на пост министра образования и науки Каныбек Исаков пообещал изменить школьную программу Кыргызстана. Об этом он заявил сегодня на заседании Жогорку Кенеша. Депутаты рассматривают вопрос о его назначении. Накануне профильные комитеты поддержали его. 

Депутат Дастан Бекешев поинтересовался, чему равен косинус 60 градусов. Отметим, такой вопрос накануне задавали и пользователи соцсетей.

«Простите, но я специалист в области кыргызской филологии и не смогу вам ответить», — пояснил Каныбек Исаков.

Дастан Бекешев сказал, что вопрос был задан потому, что косинусы 60 градусов есть в школьной программе и никто не может понять и объяснить, зачем это нужно изучать школьникам.

«Да, я понимаю вас. Школьная программа будет оптимизирована и улучшена», — сказал Каныбек Исаков.

Другой депутат — Эмиль Токтошев подчеркнул, что в школах Бишкека сокращаются часы кыргызского языка, и посоветовал будущему министру обратить внимание прежде всего на это. Каныбек Исаков пообещал. Он также заверил нардепов, что проведет реформу в области образования и усилит борьбу с коррупцией в вузах. 

Каныбек Исаков с 2011 года занимает пост ректора Ошского государственного университета.

Он родился 4 июня 1969 года, был ректором ОшГУ, депутатом Ошского городского кенеша третьего созыва от фракции СДПК.

Напомним, 4 сентября Гульмира Кудайбердиева подала в отставку с должности министра образования.