Окуялар

Окуялар Страница 66

Атамбаевге кандай айыптоолор коюлду? Тизмеси

17.06.19 informator.kg Учурда Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия 2-отурумга чогулду. Ал жерде Атамбаевге кандай айып коюу сунушталып жатканы айтылды.

Макамдан ажыратуу боюнча документте жазылган айыптоолор:

— Атамбаев премьер-министр болуп турган кезинде Россиянын 183 жаранына «КРдин өнүгүсүүнө кошкон салымы үчүн» деп курал белекке берилген. Ал адамдардын 99 пайызы бир дагы ирет Кыргызстанда болгон эмес;

— Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үй курган жер тилкеси мыйзамда жазылган эрежелерди четке кагуу менен алынган;

— Кримбөтөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөл жана уюштуруусунун негизинде ишке ашышы толук ыктымал;

— Өкмөттүн 2011-жылдын августундагы токтомуна ылайык, Чүй облусунун Байтик айылындагы 35,65 гектар жер айыл чарба багытындагы жер макамынан курулуш багытына өтүп кеткен. Ал учурда жер тилкелерин трансформациялоого мораторий жарыяланган эле.

Учурда бул боюнча Бишкек райондор аралык сотунда Башкы прокуратуранын өкмөттүн жогорудагы токтомун жокко чыгарып берүү арызы каралып жатат.

— Кыргызстандагы кен иштетүү менен алектенген бир нече ири компаниялар Атамбаевдин карамагында иштеши мүмкүн;

Ошондой эле документте экс-президентти Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу, Тарых музейин оңдоодогу, Түндүк — Түштүк альтернативдик жолун куруу жана «Датка-Кемин» долбоорундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар экени жазылган.

Айыптоолор окулгандан кийин комиссиянын төрагасы депутат Каныбек Иманалиев жогоруда айтылгандардын бардыгы тиешелүү органдар тарабынан далилденмейинче комиссия мүчөлөрүн экс-президенттин ар-намысына жана адамдык беделине шек келтирүүдөн оолак болууга чакырды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча комиссия түзүлгөн.

Мындай чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет сунуштаган эле. Аны 96 депутат колдоп, төртөө каршы болгон.

Булак: Sputnik

Атаханов дал показания на Атамбаева по делу освобождения Батукаева

17.06.19 informator.kg Бывший вице-премьер-министр Шамиль Атаханов в своих показаниях сообщил, что Алмазбек Атамбаев в бытность президентом давал указание по освобождению так называемого «вора в законе» Азиза Батукаева, заявил заместитель начальника Следственной службы МВД Мырзалы Джумабаев.

Свои слова он озвучил 17 июня в Жогорку Кенеше, где проходит заседание спецкомиссии депутатов для дачи заключения по вопросу выдвижения обвинения против экс-президента А.Атамбаева для лишения его статуса.

О задержании Шамиля Атаханова по делу Азиза Батукаева стало известно 21 мая.

7 июня Шамиль Атаханов согласно решению суда был освобожден из СИЗО-1 в связи с тем, что «пошел на сделку со следствием».
Источник: Akkipress

А. Атамбаев ЖКга чакырылган эмес…

17.06.19 informator.kg Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумуна, Атамбаевдин келээри күтүлүп, бирок ал жыйынга катышкан жок.

Мындай кадамдын себебин сураганыбызда, биздин сайтка КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева төмөнкүчө жооп берди.

«Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы тарабынан Алмазбек Атабаевге эч кандай чакыруу келген жок, отурум тууралуу маалымдалбаган. Эгерде ырасмий чакыруу болгондо экс-президент бул боюнча ойлонуп, чечим чыгармак»,- деп билдирди Кундуз Жолдубаева.

Нурсултан Кубанов назначен советником министра образования

17.06.19 informator.kg Нурсултан Кубанов назначен советником министра образования и науки Кыргызстана на общественных началах. Информацию подтвердили в пресс-службе ведомства.

Ранее основатель МЦ «Perspective» Кубанов выставил пост в социальных сетях с просьбой передать полномочия международного отдела Минобразования на аутсорсинг ему.

За три года работы в сфере образования кыргызстанцу удалось заключить ряд соглашений на квоты для студентов из КР, также в России был открыт образовательный центр для отечественных трудовых мигрантов.

«Первым делом планирую открыть представительство Южно-Корейской академии или школы IT в Кыргызстане, — делится планами он. — Также планируется привлечение бюджетных квот из стран Европы и других стран мира».

Источник: Kabar

Азаттык. Али Токтакунов, : «Мендеги маалыматтар так, иликтөө уланат…»

17.06.19 informator.kg Али Токтакунов: «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. Күтүп аткандар, чыдабай аткандар, «диван эксперттери», фейктер жана башкалар сабыр кылгыла. Дебат, маек же ушул сыяктууга чакырган кесиптештер, иштейли. Колуңардан келсе өткөндө Искендер Матраимовду чакыргандай Райымбек Матраимовду эфириңерге алып келгиле. Анан кел десеңер башка кеп. Мен ага суроо бериш үчүн барам. Болбосо башка жерден карматпай жүрөт.Суроолорум көп. Эл үчүн арналган кымбат эфирди журналисттерди кайым айтыштыруу менен толтуруу элди сыйлоого жатабы? Кыргызстанда коррупционерлер, бажыдан же башка жактан арам байлык топтогондор азбы? Кесиптештер, андан көрө ошолорду иликтөөгө, жүзүн ачууга чакырам».

«Бул журналисттин анык милдети. Кайсы бир саясатчынын же көпөстүн каалоосуна жетеленип калбайлы. Негизги маселеден көңүлдү алагды кылуу, анык коррупциялык көрүнүштү эптеп жокко чыгаруу, ачылып калган былыктарын унуттуруу аракеттери болуп атканын буга чейин жазгам. Карапайым эл менен эсепсиз акчалуу көпөстөрдүн, журналисттер менен жалданмалардын күрөшү кескин курчуганын дагы айтам»,-деп кошумчалады Али Токтакунов.

Кубаныч Кулматов соттон Албек Ибраимовдон ишти бөлүүнү суранды

Бишкек. 17.06.19. informator.kg Экс-Мэр Кубанычбек Кулматов өзүнө коюлган кылмыш ишин Бишкектин кийинки мэри Албек Ибраимовдукунан бөлүп кароону соттон өтүндү. Ал муну бүгүн Ленин райосотундагы соттук териштирүүдө айтты.

Анын жактоочусу Сергей Слесарев Албек Ибраимовго коюлган айыптан Бишкектин «Калыс-Ордо» конушуна курулган мектеп тууралуу ишти алып, аны Кубанычбек Кулматовго бөлмөйүн сот башталбайт. Бирок, сотко төрагалык кылуучу Кубаныч Касымбеков бул суранычтарды четке какты.

Эске сала кетсек, тергөө аталган мектептин курулушунан мурдагы мэрлер 12 млн. сом сол чөнтөккө солошкон деп эсептейт

УКМК: Илмияновго карата тергөө иштери аяктады

17.06.19 informator.kg Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан И.С. Илмияновтарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз  ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин  тергөө аяктады.

2019-жылдын 10-июнундагытергөөнүн жыйынтыгындаИ.С. ИлмияновКыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анынжактоочусу  козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.

Чет тилдерди үйрөнүүнү кааласаңыз. 8 өзгөчө кеңеш

17.06.19 informator.kg Чет тилиди үйрөнүү үчүн эреже керек, эрежелер дайыма бизге системалуу үйрөнүүгө жол ачат. Чындыгында тил үйрөнүүдө эң башкысы каалоо болуп саналат. Андыктан, каалоо 100%дык болуш керек. Ал эми, төмөнкү келтирилген кеңештер баарына эле ылайыктуу болушу мүмкүн эмес, бирок жасап көрүү сизге ашыктык кылбайт.

  • Сөз байлыкты көбөйтүү. Ооба, ар бир тилди үйрөнүүдө сөз жаттоо абзел, бирок, жөн гана жаттап койбостон эске салып, улам кайталап туруу да керек. Ал эми, мындай шартты биздин телефондогу тиркемелер түзүп берет. Мисалы Lingualeo,  Duolingo, What A Trip,  Intelli колдонууну сунуш кылабыз.
  • Кайталап окуу. Текстти, сөздү дептерге жазып, андан соң аны үн чыгарып кайра-кайра кайталап окуу. Жаңы сөздөрдү жазып жана окууда, мээ аларды тез кабыл алат.
  • Кыймыл учурунда. Чындыгында кыймыл учурунда жаңы сөз жаттоо мүмкүн эместей сезилиши мүмкүн. Бирок, изилдөөлөргө таянсак таза абада чуркап жана басып ж.б кыймыл абалында үйрөнүү эффективдүү.
  • Жумушка же хоббиге жараша. Эгер тил үйрөнүүнү өз кесибиңиз же хоббиңизге тиешелүү сөздөрдөн баштасаңыз жемиштүү болот. Андыктан, өзүңүзгө керек сөздөрдү биринчи жаттаңыз.
  • План. Тил үйрөнүүдө план түзүү абдан керек. Ар бир күнгө 10 жаңы сөз аларды эртең менен жаттоо, түштө кайталоо, кечинде кайталоо жана колдонуп көрүү.
  • Тасмалар. Эгерде башында түшүнүү кыйын болсо да, көрүү абзел. Угууну жакшыртуу үчүн 1 жумада 2 жолу кыска тасмаларды чет тилинде көрүү керек Бул метод башында билинбейт, бирок келечекте жемишин берет.
  • Каталар.  Эгерде сиз ката кетирсеңиз бул жакшы, себеби ката менен сиз ал сөздү же текстти дагы жакшы жаттап каласыз. Албетте, көңүл буруу менен мамиле кылсаныз. Каталарды жазып, кайталоо ашыктык кылбайт.
  • Айлана чет тил. Тил үйрөнүү эркти жана каалоону талап кылат, андыктан сиз болушунча үйрөнүп жаткан тил менен өзүңүздү байлашыңыз керек. Ырлар, телефондогу тил опциясы, стикерлер, кабарлар б.а айланаңыз жаңы тилде болуусу шарт.

Бул кеңештер сиз үчүн пайдалуу болот деген үмүттөбүз, жакын адамдар менен маалыматты бөлүшүңүз. Ийгилик!

Куткарам деп өзү сууга чөккөн жигит үйдүн жалгызы эле

16.06.19 informator.kg Баткен районунун Төрт-Гүл суу сактагычына чөгүп жаткан баланы куткарам деп өзү дагы каза болгон 22 жаштагы жигит бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Эске салсак, 15-июнь күнү балдар аталган суу сактагычтын жанында жүрүшкөн. 20 жаштагы бала сууда сүзүп баратып чөгө баштаган. Жээкте турган 22 жаштагы жигит куткарам деп барып өзү кошо чөгүп кеткен. Аларды издөө иштерине кечээ 15, бүгүн 34 куткаруучу тартылган. Биринин сөөгү бүгүн, 16-июнь күнү эртең менен саат 7.35те, экинчисиники 7.55те табылган.

«22 жаштагы жигит Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор болчу. Үй-бүлөсүнүн жалгыз уулу эле. Кырсык болгон күнү досунун үйлөнүү тоюна келген. Жаштар көңүл ачуу үчүн суу жээгине барганда, ал жерде байтааныш төрт бала сууда сүзүп жүргөн экен. Бир маалда алардын бири сууга чөгө баштайт. Ошондо ефрейтор менен кошо анын эки досу жардамга барган. Алар чөгүп жаткан баланы жээкти көздөй алып келе жатып, бирок эмнегедир экөө сууга чөгүп кетишкен. Ал эми аскер кызматкеринин эки досу жээкке сүзүп чыгууга үлгүргөн», — дешти жакындары.

Сууга чөккөн 20 жаштагы бала Самаркандек айылынан экени айтылууда, ал эми ефрейтор Баткен шаарынын тургуну болгон.

Маркумдардын сөөгү 16-июнда жерге берилди.

Булак: Sputnik_kg

Мугалимге шек келтирсең айыппулга жыгыласың.

16.06.19 informator.kg Казахстанда мугалимдерге шек келтиргендер үчүн айыппул салууну сунуш кылышты. Казахстандык жаш окумуштуулар, Казахстандын «педогогдун статусу» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөгү негизги инстонацияларды басып өтүштү.

Окуучунун мугалимге шек келтирген сөзү 252 мин тенге б.а 657 АКШ долларын түзөт. Бул айыппулду ата-энелер төлөшөт.

РКнын мыйзамындагы өзгөртүүлөргө, өз адистиги боюнча алынбаган мугалим үчүн дагы кызмат башындагы адамдын айыппулга жыгылуусу сунушталган.

Булак: Золотая Орда