Маек

Маек

Тарых музейи боюнча сот иштери башталды

2.07.19 informator.kg Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралып баштады. Соттук териштирүүнү судья Айбек Эрнист уулу жүргүзөт.Белгилей кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген. 

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Булак: 24kg

2 жаңы учак алынат, алар ..

1.07.19 informator.kg Жыл соңуна чейин 50 орундуу 2 кичи учак алынат. Бул боюнча өкмөт тарабынан жакшы иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кичи учактарды жеке менчик компаниялар сатып алат.

Ал Кыргызстан эл аралык авиакаттамдардын билет баасына кийлигише албай турганын белгиледи. Ошондой эле, Караколдун учак тилкеси жараксыз абалда болгондуктан, Бишкек-Каракол каттамы токтотулганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 аэропорт бар. Анын 6сы ички каттамдарды аткарат. Ал эми 2 аэропорт сертификаты жок иштебей турат.

Атамбаев экс-президент макамынан ажырады

27.06.19 informator.kg Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты.  103 депутат макул деген добуш берип, 6 эл өкүлү каршы болду. 

Каршы добуш бергендердин катарында Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Карамат Орозова, Анвар Артыков, Мурадыл Мадеминов жана Альфия Самигуллина бар.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштын белгилери тууралуу башкы прокурордун корутундусун бир добуштан колдошту.

Баткенде желек тескери илинип турат

27.06.19 informator.kg Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанында Кыргызстандын мамлекеттик желеги тескери илинип турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.


Маалыматка караганда, бул сүрөттөр кечээ, 26-июнда тартылган.
«Бул көрүнүш шаар тургундарынын кыжырын келтирди. Жергиликтүү бийлик желегибизди туура иле албаса, башка маселени кантип чечет? Бул уят», — деди алар.

Алтынбек Сулайманов: Атамбаев биринчи сатып кеткен

13.06.19 informator.kg Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков сабырдуулук менен көп нерсеге реакция кылбай, иш менен далилдейин деген максатта келе жатат. Мындай пикирин эл өкүлү Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы парламенттин 60 %ын Атамбаев түзгөн. Экинчиден, Жээнбековду да президенттикке Атамбаев сунуштаган.

Мындан сырткары, учурда өкмөттө иштеген кызматкерлердин 80 %ы Атамбаевдин убагында иштеген кадрлар. «Атамбаев бийликтен кеткенде баары жаман болуп калышы керекпи? Ал башкаларды сатып кетсе болот, бирок аны сатууга болбойбу? Алсак, Атамбаев президент болуп келгенде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сыртта калган. Демек, Атамбаев биринчи өзү сатып кеткен. Акыры саясатчы Өмүрбек Текебаевди да каматып тынды. Азыр Атамбаев ошолордун баарынын жообун алып жатат», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү мындан сырткары, саясатта адамгерчилик, бир принцип менен аягына чейин туруу аракети болушу керектигин, бирок Кыргызстанда мунун баары терс нукта экенин кошумчалады.

05.06.19 informator.kg Бүгүн Орок айылында болуп өткөн чыр-чатактан тышкары, кошумча түрдүү окуялар орун алды. Окуя болгон жерге Чүй облусунун губернатору, Туйгунаалы Абдраимов журналисттерди кагып-силкип, орой мамиле жасап, аларды шылдыңдап кеткен.

Губернатор журналисттерге «Мен Ала-Тоо 24 гана жооп берип жатам» «сиздин бетиңиз жаккан жок», — деп шылдыңдап басып кетти. Окуяны ссылка аркылуу көрө аласыз:
https://www.facebook.com/manas.kadyrov/videos/2719305061474530/?t=12

Ну хамить то не надо, этики нет, невоспитанный, унизить женщину может только слабый…Борзота власти зашкаливает…Призываю журналистов адекватно ответить…Переход на личности, нарушение кодекса об этике…Необходимо заставить попросить прощения…Ситуация сложная( Разве есть причина для смеха… есть пострадавшие…Уважаемый Сооронбай Шарипович, просим снять с занимаемой должности данного чиновника…Журналисты это простой народ, если лицо простой девочки ему так ненавистно то что говорить о нас…

Опубликовано Manas Kadyrov Среда, 5 июня 2019 г.