Саясат

Саясат

Алмазбек Атамбаев тергөөгө жооп бербей жатат

Бишкек. 08. 10.2019. informator.kg   Экс-президент Алмазбек Атамбаев кылмышкер Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка алынган. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, экс-президент аталган иш боюнча тергөөчүлөрдун суроолоруна жооп берген эмес.

«Менин кардарым башынан эле суракта суроолорго жооп берүүдөн баш тартуу укугун пайдаланууну туура көргөн. Азырынча, ага козголгон башка кылмыштар боюнча сурак боло элек, тергөө болуп жатат, бирок, бирок тергөөчүлөр ага келишкен жок»,-дейт ал.

Азырынча, экс-президентке жалпысынан 7 кылмыш иши ачылганы белгилүү. Алар массалык баш аламандыкты уюштуруу, мыйзамсыз баюу, мыйзамсыз мүлктөргө ээлик кылуу жана башкалар.

Азимбек Бекназаров: «Атамбаевдин иши боюнча жаңы сунуш киргизем» — кандай сунуш?

Informator.kg — Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди тергөө абагынан үй камагына кое бериш керек. Бул тууралуу маалымат жыйында мурунку башы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушкан маалында, Азимбек Бекназаров мурунку президентти кое берүү сунушун киргизген.

«Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Биздин заманбап тарыхта начар окуя башталды. Мындан улам мен Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу сунуш киргизгем. Кантсе да ал биздин мурунку президентибиз. Анын ордун үй камагына алмаштырып, «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы дачасына киргизүү керек. Ал жак ар дайым кароолдо турат, эч ким кире албайт», -деди Азимбек Бекназаров.

Ал убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири дагы аны колдобогонун кошумчалады.

М. Абылгазиев АРИСтин долбоорлору боюнча жыйын өткөрдү. — АРИСтин долбоорлору

Informator.kg — 3.10.19 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулаган жыйын өткөрдү.

Бүгүнкү күндө  агенттик тарабынан суу менен камсыз кылуу жана сууну буруу, социалдык инфратүзүм, жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу багыттары боюнча иштер аткарылууда. 

Учурда АРИС жалпы суммасы 205 млн доллар болгон 12 долбоорду ишке ашырууда. Алар төмөнкү багыттар боюнча: 

— айыл жергесин суу менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана санитариялык абалын жакшыртуу;

— социалдык жана экономикалык инфраструктуралык объектилерге      жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;

— мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыт жамааттарынын кирешесин көбөйтүүгө жана экономикалык жактан өсүүсүнө жардам берүү;

— сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу жана энергонатыйжалуулугу жогору технологияларды колдонуу менен шаардык инфраструктураны башкаруу.

Өкмөт башчы учурда калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу маселеси, айрыкча аймактарда курч болуп турганын белгиледи.

Анын айтымында, эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнө жүзү боюнча жылдан-жылга суунун запасы азаюуда,  буга байланыштуу аны үнөмдүү колдонууну камсыз кылуу керек. 

«Суу ресурстары ар бир өлкө үчүн баа жеткис кенч, ошондуктан биз аяр жана үнөмдүү колдонууну камсыз кылышыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жарандарды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу боюнча маселесине өзгөчө артыкчылыктуу маани берет. Бул маселени комплекстүү чечүү менен жөнөкөй жарандардын жашоо шартын жакшыртууга шарт түзүлөт, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүнү шарттайт» — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле суу объектилерин оңдоп-түздөө жана инфратүзүмдү өнүктүрүүгө тартылган каражаттарды натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Милдеттер көп. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча белгиленген максаттарды тездетүү үчүн бардык чараларды кабыл алуу керек. Калктын зарыл болгон муктаждыктарын аныктоо, социалдык мобилизациялоо иш-чараларын өткөрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планын түзүү жана жаңылоо, инвестицияларды натыйжалуу колдонуу, — мунун бары тийиштүү органдардын АРИСтин өкүлдөрү менен биргелешкен ишин талап кылат», — деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен иштерди активдештирүүнү жана эки жуманын ичинде аткарылган иштер жана маселелерди чечүү жолдору тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берди. 

Нурбек Молдокадыров Нарын шаарына мэр болуп шайланды

Бишкек. 1.10.2019. informator.kg Буга чейин Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп иштеп келген Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу БШКдан тастыкташты.

Анда шайлоого катышкан үч талапкер-Эмил Чымылдаков, Стал Мукамбетов жана Нурбек Молдокадыровдордун ичинен акыркы талапкер шаардык кеңештин депутаттарынын арбын добушуна, 25 добушка ээ болгон.

Эске сала кетсек, нарындын мурдагы мэри Эмил Алымкулов облуска жетекчи болуп дайындалган болчу.

Атамекенчилердин соту уланат

Бишкек.1.10.2019. informator.kg Бүгүн, 1-октябрда Биринчи май райондук сотунда «Атамекен» партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланат. Бул тууралуу партиянын штабынан билдиришкен.

Эске сала кетсек, Жогорку сот жаңы жагдайлардан улам Жогорку сот 27-августта бул иш боюнча баардык инстанциялардын чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароону райсотко жөнөткөн.

Сторонников Атамбаева привезли в Первомайский районный суд

Informator.kg — 30.09.19 В Первомайский районный суд 30 сентября привезли бывшего руководителя Аппарата президента Фарида Ниязова и других сторонников Алмазбека Атамбаева на продление меры пресечения.

Ранее решением суда Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смаилов, Фархад Баабиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаменов были водворены в СИЗО-1 до 8 октября.

Они обвиняются по статьям «Захват заложников» и «Организация массовых беспорядков».

7 августа 2019 года спецназ ГКНБ предпринял попытку штурма дома бывшего президента Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш. Бойцы должны были доставить Атамбаева на допрос в МВД. Однако в результате возникшей стычки со сторонниками Атамбаева 6 спецназовцев были задержаны, 1 спецназовец погиб. На следующий день задержанных.

Азимбек Бекназаров будет послом КР в Малайзии

Informator.kg — 30.09.19 Экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров, возможно, будет назначен послом КР в Малайзии. Об этом со ссылкой на собственные источники сообщает издание kyrgyztoday.org.

По данным СМИ, уже получен положительной ответ от правительства Малайзии.

«В начале августа был отправлен в Малайзию запрос на получение агремана для Азимбека Бекназарова. Теперь вот правительство Малайзии прислало согласие. В ближайшее время кандидатуру Бекназарова будет рассматривать комитет ЖК по международным делам. В случае положительного решения очередь уже будет за подписью президента», — пишет издание.

Сам экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров пока не доступен для комментариев.

С. Абдрахманов: КСДПнын мөөрүн жана документтерин кайтарып берүүнү талап кылып, сотко беребиз.

Informator.kg — 30.09.19 Альтернативдүү КСДПнын төрагасы Сагынбек Абдрахманов саясий уюмдан мөөрдү жана документтерди кайтарып берүүнү талап кылып, сотко бере тургандыгын айтты.

Анын айтымында, Адилет министрлигинен ал өзү жетектеген партия каттоодон өтсө дагы күбөлүктү колго ала элек. Бул үчүн негиздөөчү документтерди жана мөөрдү көрсөтүшү керек.

«Бирок, алар жоголуп кетиптир. Документ менен мөөрдүн бизге кайтарылышын талап кылабыз. Анын үстүнө соттун биздин пайдабызга чечкен чечими бар», -деди Сагынбек Абдрахманов.

Ал документтерди жоголуп кетти дегенине ишенбейт. Айтымында, Атамбаевдин тарапташтары жөн гана мыйзамдуу ээсине тапшыргылары келген жок.

Булак: 24.kg

Министр юстиции Марат Джаманкулов выступил с докладом на Международном форуме по правовым услугам на пространстве ШОС

Бишкек. 27.09.2019. informator.kg 25-26 сентября 2019 года, министр юстиции Кыргызской Республики Марат Джаманкулов принял участие в международном форуме по правовым услугам на пространстве ШОС, состоявшемся в городе Шанхай, КНР. Об этом сообщила пресс-служба министерство.


«Данное мероприятие организовано Министерством юстиции КНР в целях дальнейшего укрепления сотрудничества между государствами-членами, странами-наблюдателями и партнёрами по диалогу ШОС, а также обмена опытом в сфере правовых услуг.
В ходе форума Марат Джаманкулов выступил с докладом на тему: «Развитие сферы оказания юридических услуг Министерством юстиции Кыргызской Республики». В докладе была озвучена информация о проводимой работе Министерством юстиции по переводу государственных услуг в электронный формат и реализации Закона КР «О гарантированной государством юридической помощи».
На полях форума, также состоялась встреча Министров юстиции Китая, Кыргызстана и России, в ходе которой были обсуждены вопросы дальнейшего сотрудничества в рамках Совещания министров юстиции государств-членов ШОС»,-говорится сообщение.
Отметим, что в мероприятии принимали участие руководители Министерств юстиции государств-членов, стран-наблюдателей и партнёров по диалогу ШОС, работники сферы правовых услуг, учёные и эксперты, а также представители бизнес-кругов.

Нарынга мэр болууга шансы бар үчөө… Алар кимдер?

Бишкек.27.09.2019. informator.kg Ушул жылдын 10-октябрында Нарын шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрин шайлашат. Өздүк булактарыбыздын билдиришинче, учурда мэрликке үч адам чыгаары күтүлүп жатат. Алар Нарын шаардык муниципиалдык башкармалыгынын жетекчиси Эмил Чымылдаков, Нарын шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Сталбек Мукамбетов жана Акталаа районунун акими Нурбек Молдокадыровдор.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Эмил Чымылдаковду КСДП партиясы, Сталбек Мукамбетовду жергиликтүү «Алатоо ынтымагы» фракциясы жана Нурбек Молдокадыровду «Кыргызстан» саясий партиясы сунуштап жатат.

Эске салсак, шаардын мурунку мэри Эмил Алымкулов жакында облустагы Өкмөттүн ыйгарым-укуктуу өкүлү болуп дайындалган болчу.