Коом

Коом

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат

Бишкек. 09. 10.2019.informator.kg «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат». Мындай маалыматты, КРнын Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы таратты.

Анда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алганы, жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашканы айтылат.

«Долбоордун негизинде Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек.

Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эл аралык каржылык корпорациясы берет. Техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү.

Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди»,-деп айтылат маалыматта.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.

Адилет Султаналиев: «Азимбек Бекназаровдун айтканы жалган»

Бишкек. 07.10.2019. «Азимбек Бекназаровдун Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев элдик курултайдын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда «Альянс Алтын» компаниясындагы мамлекеттин үлүшү тууралуу маселени карап чыгууну убада кылды деген билдирүүсү толугу менен чындыкка дал келбейт». Бул билдирүүнү өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев айтып чыкты.

Ал белгилегендей, чындыгында, Мухаммедкалый Абылгазиев элдик курултайдын демилгеси менен анын өкүлдөрү жана Азимбек Бекназаров менен жолугушкан, анда Кумтөр боюнча жаңы келишим, Жерүйдүн ишмердүүлүгү жана башка маселерди талкуулаган. Өкмөт башчы Кумтөр боюнча түзүлгөн стратегиялык келишимдин артыкчылыктары, өлкө үчүн кандай пайда алып келгенин, ошондой эле тоо кен өндүрүшү тармагында Өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу айтып берген.

«Бирок Азимбек Бекназаров Премьер-министрдин тоо кен ишканаларындагы мамлекеттин милдеттүү үлүшү жөнүндөгү сөздөрүн таптакыр туура эмес чечмелеген. Ооба, мындай ыкма бүгүнкү күндө активдүү колдонулууда, себеби, дал ушундай үлгү тоо кен тармагына өз капиталын салып жаткан инвесторлор үчүн кепилдик болуп берет, жергиликтүү эл менен инвестордун мамилесин турукташтырууга, конструтивдүү жолго багыт алууга шарт түзөт. Бул ыкманы Премьер-министр инвестор үчүн да, мамлекет үчүн да туура жана экономикалык жактан пайдалуу деп эсептейт. Мындай принцип боюнча Алтынкен, Терек-Сай, Макмал кендери иштеп жатат. Премьер-министр дал ушуларды айткан»,-дейт ал.

«Жерүй боюнча айтсак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2015-жылы өткөн сынакта «Восток-геолдобыча» ААК пайдалуу шарттарды сунуштап, жеңүүчү аталган. Компания сынактын шарттарына ылыйык, Кыргыз Республикасынын бюджетине 100 млн АКШ долларын төлөгөн жана «Альянс Алтын» ААКтын – компаниянын карамагына катталган. Кийинчерээк Россия Федерациясы менен Жерүйдү өздөштүрүү долбоорун өнүктүрүү боюнча кызмтташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Ага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапарында жетишилген жана инвестиция чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын натыйжалуу үлгүсү катары кызмат кылууга багытталган.

Андан бери компания Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, учурда кызматташтыктын бардык шарттарын өз учурунда аткарууда

Мухаммедкалый Абылгазиев дагы элдик курултайдын өкүлдөрү менен жолугушканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматташтыктын бардык шарттарывн так сактоого умтулат, анткени бул өлкөнүн инвестиялык климаты үчүн өзгөчө мааниси бар. Муну менен катар Өкмөт Жерүйдөгү бардык экологиялык жана техникалык нормалардын аткарылышын өзгөчө дыкаттык менен көзөмөлдөп жатат. Ишканада миңден ашык жумуш орундарын түзүү пландалды, анын 90% кыргызстандыктар түзөт. Долбоорду жүзөгө ашырууда жергиликтүү эл менен өз ара пайдалуу кызматташууга өзгөчө маани берилет. Өкмүт бул багытта ырааттуулукту жана жетишилген келишимдин шарттарын так сактайт»-дейт маалымат катчы.

Урмат Самаев, депутат:»Ичкилик ичкен айдоочуларга 150 миң сом айып салалы»

Бишкек.7.10.2019. «Ичкилик ичип алын унаа айдагандарга 17 миң сом аз, казактарда 500 миң теңге экен, биз дагы 150 миңге жеткирели». Бул тууралуу ЖКдагы комитет жыйынында ЖКнын депутаты Урмат Самаев айтты.

Ал бүгүнкү күндө спирт ичимдиктерин ичип алып рулга отургандарга салынган айыптын өлчөмү аз болгондуктан, кээ бир чөнтөгү калыңдар эрежеге баш ийбей, анын айынан кырсыктар катталып жатканын айтты.

«Айып пулдарды башка жеңил эрежелерге карата азайтууну колдойм, бирок, ичимдик ичкендердин айыбын жогорулатууну жана андай учурда кырсыкка күнөөлүүлөрдүн жаза мөөнөтүн катаалдатуу керек»,-дейт ал.

Эске салсак, өкмөт айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.

Ишкер Эркин Мамбеталиев Баткендеги чегарачыларга 2 унаа белек кылды

Бишкек.07.10.2019. Ишкер Эркин Мамбеталиев Баткен облусуна барып, чегарачыларга эки унаа белек кылды. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты.

Андагы маалыматтар боюнча, ишкер Эркин Мамбеталиев чегарачылар менен жолугуп, алардын Мекен алдындагы жооптуу ишин жогору баалаарын, чек арада кез-кези менен кооптуу жагдайлар түзүлүп жаткандыктан, алардын материалдык-техникалык шартын жакшыртуу керектигин айтып, «Шевролет-Субурман» үлгүсүндөгү 2 унаасын белекке берген.

«Чек арачылар бул белекке кубанып, ыраазычылык билдиришти»,-дейт биздин булак.

Салык кызматынын сайты иштебей жатат

Бишкек. 08. 10.2019. informator.kg КРнын Салык кызматынын сайты толук иштебей, салык төлөөчүлөр нааразы болушууда. Бул тууралуу биринчилерден болуп, журналист Бактыгүл  Чыныбаева фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Эуу, санариптештик жеп жатпадыңар беле? Салык инспекциясынын сайты, анын ичинде жеке кабинет иштебей калыптыр го? Телефон чалсам Айти кызматкерлерибиз массалык иштен кетип, 2-3 эле киши калды дейт. Аларга чалсам «ни чем не можем помочь»дейт. Кашайып салык төлөй турган маалда, эми миңдеген киши жанталашып райондук инспекцияларга барып, тыгылышып, орой кызматкерлерден жеме угуп, төлөгөн салыгыбызды карыз акчаны алып жаткандай кыйналып анан төлөйт окшойбуз»,-деп жазды ал.

Анын сөзүн коштогон жарандар Салык кызматы дайыма Айти адистерге акча бөлбөй ушул абалга келээрин айтып жатышат.

Самат Курманкуловдун дарылануусуна Өкмөт 1,298 млн. сом жардам кылат

Бишкек. 08. 10.2019. informator.kg Саламаттыкты сактоо министрлиги Чуй ИИБсинин начальниги Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1,298 млн. сом каражат  жардам кылат. Мындай буйрукту КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев чыгарганы дайын болду.

Учурда С. Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык Борбордон абалы жакшырып, реаблитациялануу жайында дарыланып жатат.

Ал 7-августта Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын маалында башына таш жеп, комага түшкөн эле.

Алмазбек Атамбаев тергөөгө жооп бербей жатат

Бишкек. 08. 10.2019. informator.kg   Экс-президент Алмазбек Атамбаев кылмышкер Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка алынган. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, экс-президент аталган иш боюнча тергөөчүлөрдун суроолоруна жооп берген эмес.

«Менин кардарым башынан эле суракта суроолорго жооп берүүдөн баш тартуу укугун пайдаланууну туура көргөн. Азырынча, ага козголгон башка кылмыштар боюнча сурак боло элек, тергөө болуп жатат, бирок, бирок тергөөчүлөр ага келишкен жок»,-дейт ал.

Азырынча, экс-президентке жалпысынан 7 кылмыш иши ачылганы белгилүү. Алар массалык баш аламандыкты уюштуруу, мыйзамсыз баюу, мыйзамсыз мүлктөргө ээлик кылуу жана башкалар.

Улуттук банк «Керемет банктуу» болду

Бишкек. 07. 10.2019. informator.kg  Мурдагы «Россия инвестициялык банкты» («Росинбанк») Улуттук Банк  «Керемет банк» деген  жаңы ат менен КРнын Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өткоөдү. Бул тууралуу маалыматты  Улуттук банктын маалымат кызматы тастыктады.

Андагы кабарга карсак, 2018-жылы октябрь айында Кыргызстандын Улуттук банкы аталган банктын 71,66 пайыз акциясына ээ болуп, банк насыяларды төлөй албай калганы учун ага ээ болуп калган эле. Андан кийине Улуттук Банк оз каражатынан 3 миллиард сом  менен банктын карыздарын жаап, 95 пайыз акциянын ээси болуп калган эле.

Айрым экономист-эксперттер болсо Улуттук Банктын бул аракетин мыйзам бузуу деп атап келишет.

MegaCom первым реализовал функцию Carcheck в мобильном приложении MegaPay

Бишкек.4.10. 2019 informator.kg Если вы хотите приобрести автомобиль, то перед покупкой обязательно воспользуйтесь новой функцией Carcheck через мобильное приложение MegaPay, благодаря которой можно легко, быстро и абсолютно бесплатно проверить транспортное средство на наличие ареста, залога, штрафов и узнать много другой полезной информации.

Дляя того, чтобы получить расширенный отчет по истории эксплуатации машины, пользователю MegaPay достаточно ввести госномер автомобиля в разделе «Проверка авто». В ответ предоставляется следующая информация:

​·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Госномер;

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Марка;

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Модель;

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Цвет;

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Год выпуска;

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Объём двигателя;

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Расположение руля;

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Сведения о нахождении транспортного средства в аресте/залоге (наличие ареста/залога);

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​Сведения о штрафах за нарушения ПДД (наличие, количество и сумма штрафов);

·​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​История о количестве владельцах за определённый период времени.

Установите на свой смартфон бесплатное приложение​ MegaPay, скачав его из​ Google Play Market​ или​ App Store. Подробная информация на сайте компании​ megacom.kg.

Запуск проекта осуществлен в рамках Концепции цифровой трансформации «Санарип Кыргызстан 2019-2023».

Нурбек Молдокадыров Нарын шаарына мэр болуп шайланды

Бишкек. 1.10.2019. informator.kg Буга чейин Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп иштеп келген Нурбек Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу БШКдан тастыкташты.

Анда шайлоого катышкан үч талапкер-Эмил Чымылдаков, Стал Мукамбетов жана Нурбек Молдокадыровдордун ичинен акыркы талапкер шаардык кеңештин депутаттарынын арбын добушуна, 25 добушка ээ болгон.

Эске сала кетсек, нарындын мурдагы мэри Эмил Алымкулов облуска жетекчи болуп дайындалган болчу.