Дүйнөдө

Дүйнөдө

2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп Хива шаары тандалды.

Informator.kg — Өзбекстандын Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот. Мындай чечим Ош шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отурумунда кабыл алынды.

Өзбекстандын Хива шаарынын акими Собир Жуманиязов Ош шаарынан эстафетаны кабыл алып, Хива калаасы тууралуу баян жасады. Өлкөнүн маданият министринин орун басары Камола Акилова байыркы Хива шаары бүгүнкү күнгө чейин тарыхый көрүнүшүн дээрлик толугу менен сактап калганын белгиледи.

Хива Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Шаарда ачык асман алдында 16-кылымдан бери тарыхый жайлар сакталып калган.

Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болсо, буга чейин бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казан (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн.

Депутаттын унаасына ок атышты, ок баласына тийген.

Informator.kg — Кечээ, 1-декабрь Украинада депутаттын унаасына кол салуу орун алды. Бул тууралуу Украинанын ММКтары билдиришүүдө.

Анда, ишкер жана Киев облусунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Вячеслав Соболев экендиги тастыкталды. Депутаттын унаасына кол салуу учурунда, анын баласына ок тийип, ал көз жумду. Баласы тез жардам менен кетип жатканда жан берген. Депутат окуя тууралуу башка маалымат берүүдөн баш тарткан.

Атайын эсепке 2 млрд. сомго чукул каражат түштү. Кантип, кимден түштү?

Бишкек. Informator.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен 2018-жылдын июль айында ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке укук коргоо,фискалдык органдар тарабынан 1 миллиард 909,7 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Улуттук статкомитеттин маалыматы жарыяланды.

Андагы тизмеге үңүлсөк, баардыгынан арбын каражат же 941,5 миллион сом Экономикалык жана каржылык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан түшүрүлгөн. Андан кийин Башкы прокуратура тарабынан 328,3 миллиона сом каражат эсепке салынса, 332,7 миллион сомду Улуттук Коопсуздук боюнма Мамлекеттик Комитет которгон. Коррупцияга каршы күрөштө четте калбаган ИИМ да бул атайын эсепке 7 млн. сом которуп бергенин көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, бул эсепке түшкөн каражаттар социалдык тармактарды өнүктүрүүгө жумшала турганы, коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы катары бюджеттик каражаттарды кайтаруунун көрсөткүчү болоору белгиленген.

Бирок, жогорудагы органдар аталган суммалар кимдерден, кайсыл коррупциялык схемалары ачылган жагдайда, кандай эсептөөлөрдүн негизинде кайтарылганы боюнгча так маалыматтарды бере элек.

Бишкектеги тумандан В. Путиндин учагы кайра кайтып кете жаздаганбы?

Орусиянын 1-каналы 28-ноябрда Бишкекте өткөн ЖККУнун жыйыны тууралуу кызыктуу сюжетти сунуш кылды. Анда Бишкекеги коюу тумандан улам Орусиянын Президенти Владимир Путиндин учагы «Манас» аба майданына конор албай, аз жерден кайтып кете жаздаганы, учактын башкаруучуларынын тобокелге баргандыгы, акыры конуу мүмкүчнчүлүгү пада болгону, ири жыйынга карата даярдыктар, маанилүү документтерге коюлган колдорду Армениянын премьер-министри Николя Пашинандын смартфонго тартып атып, «бул ЖККУну популяризациялоо» дегени жана башка кызыктуу жагдайлар камтылган.

Сюжетти төмөнкү шилтеме аркылуу көрүүгө болот:

https://www.youtube.com/watch?v=L859dxN_ekA&feature=share&fbclid=IwAR1vTUWNeQ2X4psgjtyCOyCeINC_xW8feIuO1D_lPvpWOZQIUskInCz_ih4

2020-жылы 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын кайсы шаарында өткөрүлөт?

Informator.kg — 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кийинки жылы Түркиянын Бурса шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу билдирди.

Анда, министр төмөнкүдөй билдирүү жасаган: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3 жолу Кыргызстанда уюштурулган, эми бул эстафетаны бир тууган элден алып, 2020-жылы Бурса шаарында улантабыз»,- деп айтты министр.

Казакстан. Белгилүү медиамагнаттын уулу эркекке үйлөндү.

Informator.kg — Казакстандын медиамагнаты Кунбаев Мирболоттун уулу эркек бала менен үйлөндү. Бул тууралуу Казакстандын ММКтары жазышууда.

Магнаттын уулу Айдар Кунбаев Рафаэль Кастро де Мескита аттуу жигит менен баш кошкон. Алардын үлпөт тою Лондондогу белгилүү Hotel Café Royal да өткөн. Кунбаев Мирболот Казакстанда белгилүү журналист. Ал «Эра» телеканалынын негиздөөчүсү болуп эсептелинет. Бирок, ал каналды кийин сатып салган. Айдар Кунбаевдин жары Рафаэль Кастро де Мескита Лондондогу сулуулук салонунда эмгектенет.

Данияр Сыдыков: “Эдил Байсаловдун жеке пикир айтууга укугу бар…”

Бишкек. Informator.kg

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Улуу Британия жана  Түндүк Ирландия мамлекеттериндеги Кыргыз Республикасынын Толук ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловдун социалдык тармактар аркылуу жеке пикирин билдирүүгө укугу бар деп эсептейт.

Ал мындай оюн, активист Умай Арыковага жолдогон катында билдирген. Анда Умай Арыкова тарабынан жазылган кайрылуудан кийин элчи Эдил Байсаловго социалдык тармактар аркылуу жеке пикирин билдирүүлөрдү берүүдөн мүмкүн болушунча кармануу керектиги боюнча эскертүү берилгенин, бирок, элчинин өз оюн билдирүүсү бул эч кандай дипломатиялык кызматтын атынан болбогонун айткан.

Эске сала кетсек, Умай Арыкова элчи Эдил Байсаловдун твиттер баракчасына жазган би р катар билдирүүлөрү дипломатиялык кызматтын этикаларынна сыйбай турганын айтып, аны тартипке чакыруу боюнча Президентке кат жолдогон эле.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек араны талкуулады

Бишкек. Informator.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда ЖККУнун иш сапары менен Бишкекке келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек араны талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Анда белдгилүү болгондой, эки өлкө башчылары эки өлкө ортосундагы ала-катыштын актуалдуу маселелерине, асыресе, чек араларды тактоо, коргонуу жана коопсуздук боюнча пикир алмашышкан.

“Талкуу учурунда президенттер кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине негизги маанини берип, өлкөлөр аралык кызматташтыкты жакшыртууга көңүл бурушту”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, быйылкы жылдын жайында эки президент Чолпон-Ата шаарында кезигип, чек араны тактоо боюнча жыйынтыктуу пикирге келгени айтылган. Бирок, андан кийин да Баткенде чек ара боюнча бир катар келишпестиктер чыгып, адам өмүрүн алган атышуулар да орун алган эле.

ВИДЕО. Куран китебин эл алдында өрттөп салган

İnformator.kg —  «Норвегиянын исламизациясын токтотолу» аталышындагы кыймылдын лидери Лорас Торсен колуна Куран китебин алып, аны өрттөп салган.

Анын мындай аракетин жүздөгөн адам карап турган. Андан кийин массанын ичинен бир киши чыгып Торсенди токтотууга аркет кылган. Жергиликтүү полиция ислам динин карманган өкүлдү кармап алган. Азыркы учурда Норвегияда массалык түрдө онлайн петицияга кол коюуу орун алууда. Себеби, Торсенге каршы чыккан пакистандык жарандын жана 1.3 млрд кишинин ишенимине шек келген. Ал өз ишениминдеги ыйык деп эсептелген «Куран» китебин коргоого алган.

ВИДЕО. Башындагы хиджабы үчүн сабап салган

Informator.kg — Австралиянын Сидней шаарынын тамкатануучу жайында хиджаб кийген аялга кол салуу болгон. Бул тууралуу İslamnews жазып чыккан.

Анда чоочун эркек аялдардын жанына келип пикирин айтып, андан соң кол көтөргөн. Тамактануучу жайдагы адамдар реакция бергиче, адам аялга 5-6 сокку жана тепки бергенге жетишкен. Ал адам эмне себептен мындай кадамга баргандыгы коомду ойлондурууда. Бирок, ошол эле кезде көпчүлүктүн пикири боюнча Австралияда исламафобия тереңдеп жаткандыгын билдиришүүдө. Аялдын боюнда болгондугун жергиликтүү ММКлар жазышууда. Азыркы учурда жергиликтүү полиция тарабынан, окуя боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.